Өспүрүмдөрдү тарбиялоодогу көйгөлөр жана аны чечүүнүн жолдору

Сокулук райондук мектептердин тарбия завучтары семинарда азыркы учурдагы көйгөйлүү турмуш-көмүскөдө калган жашы жете элек өспүрүмдөр зордук-зомбулукка кабылышы жөнүндөгү масленинин  чечүү жолдорун   талкуулашты.

Дорохова Элена  Сокулук райнонунун №1 Алымкул Жакшылыков атындагы мектеп-гимназиясынын тарбия завучу.

«Бүгүнкү семинар жогорку деңгээлде  өттү.Сокулук районунан келген тарбия завучтар,тарбия иштери боюнча азыркы мезгилдин талабына карата көйгөйлүү маселелер көп кездешип жаткан темада иш-чараларды көрдүк.Мугалимдер жамааты ушул көйгөлөрдүн үстүндө изденүү менен иш алып барышкандары тууралу тажрыйбаларын бөлүшүштү. Бүгүн, албетте, абдан чоң иш болду. Ийримдердин чыгармачыл балдарынын өнөрлөрдүн көрдүк,ачык тарбиялык сабактарга катыштык,окуучулардын өз колдорунан жаралган буюмдардын көргөзмөсү абдан жакты. Мектеп жамааты сыймыктанган иштери көп экенин байкадым»-деп айтты.

Жумабаева Гүлайым  Кыргыз Билим Берүү академиясынын педагогика илиминин кандитаты.

«Бүгүнкү семинарда Мамыралиев мектебинин мугалимдер жамааты бизге көп пайдалуу нерсени беришти.Семинардын темасын карап алып актуалдуу,өтө чоң маселе экен деп ойлондум. Себеби, өспүрүмдөрдү тарбиялоодогу көйгөлөр жана анын чечүүнүн жолдорун көргөзуштү,бул маселени чечүү керек деген максат коюп тарбиялык сааттарды жакшы иштеп чыгышкан,слайд даярдашкан. Мага баарынан дагы кызыктырганы кол өнөрчүлүк  боюнча окуучулардын жазаган иштери, мугалимдери мактоого татыктуу экен.Мектеп директорунун тарбия сабагына катыштым.Жаш өзгөчүлүгүнө карата 11класстын окуучулары «Кыялдануу» деген темада оз ойлорун чагылдара алышты»- деп оюн билдирди

Турсуналиев Бакыт- Раздольный орто мектебинин тарбия завучу

«Бүгүнкү семинар жакшы өттү.Темасы азыркы учурдагы көйгөйлүү турмуш-көмүскөдө калган жашы жете элек балдардын зордук-зомбулукка кабылышы жөнүндө маселени биздин тарбия иштерде кандай жолдор менен иш алып барса боло турган класстык саат,ата-энелер менен иштөө жана мектептин тарбия завучу Асанов Ы.ДЖ. өткөргөн тренингде көрө алдык, Мектеп жамаатынын даярдыгы жана мугалимдеринин тарбиялык ачык сабактары жакшы өткөнүн, ошондой эле окуучулардын активдүүлүгүн байкадым.Кыргыз Билим Берүү академиясынын келген меймандын кыргыз тилинде класс жетекчилер,тарбия завучтары үчүн методикалык колдонмо таратып бергендиги пайдалуу болду.Рүстөмбек Мамыралиев атындагы мектеп-гимназиясына албан-албан ийгилик калап кетмекчимин»- деди.

Даярдагандар: Марлен Базаркулов, Максат Сооданбеков

Ден соолукту чыңдоого үйрөнөлү

«Кыргызстандын ардактуу машыктыруучусу» жана «Спорт чебери», » Дене тарбия спорт отличниги» Брагин Сергей Валентиновичтин демилгеси боюнча Жал айылынын 2008ж.- 2012- жылы туулган уландар жана кыздар арасында лыжа тебүү боюнча мелдеш өткөрүлдү. Мелдешке Р.Мымыралиев атындагы мектеп-гимназиясынын окуучулары катышты.

 

Даярдагандар: Максат Сооданбеков, Ислам Арсланов, Марлен Базаркулов

Мектептен тышкары мекемелерде кошумча билим берүү

Сокулук районунда «Таң Чолпону» балдар жана өспүрүмдөр окуу- эстетикалык борборунда 27.11.2019 ж. мектептен тышкары мекемелерде кошумча билим берүү боюнча областык иш- чара болду.

Исакова Гульнара  Чүй областтынын Чүй районунун  балдар чыгармачылык борборунда  директордун орун басары жана кыргыз кол өнөрчүлүгүнүн ийрим жетекчиси-

“Семинар бизге абдан жакты, көптөгөн көйгөйлөр  чечилип , мастер класстарды көрүп, тажрыйба бөлүштүк. Бүгүнкү иш чарага Чүй областындагы балдардын чыгармачылык борборлорунан, ошондой эле Сокулук районундагы мектептерден мугалимдер келди.  Сокулук райондук “ Таң-Чолпону”борборунун жетекчисине жана жалпы жамаатына терең ыраазычылык билдирип кетким келет, өзүбүзгө керектүү нерселерди алдык”- деп айтты

Боржиева Лира Мырсалиевна “Умники и Умницы” ийриминин жетекчиси-

“Мен Сокулук районундагы ” Таң-Чолпону “ балдар жана өспүрумдөр окуу-эстетикалык тарбия берүү борборунда иштейм . Бугунку мектептен тышкаркы  билим беруу мекемелеринин арасында кошумча билим беруу боюнча Областык денгээлдеги  семинар Сокулук районунда биринчи  жолу өткөрүлдү. Иш чара өтө жогорку  деңгээлде, кызыктуу,  мугалимдердин активдүү  катышуусу менен өттү, Менимче, мезгилдин талабына карата мектептен тышкары  кошумча билим берүү өсүп  келе жаткан жаш өспүрүмдөргө өтө зарыл. Мына азыр силерди көрүп туруп, ойлондум, силер да жаш журналистер келечекте кесип тандоого үйрөнгөнүңөр кошумча окуу. Себеби, озунордун кесибинерди уланттууга салым кошуудасыңар.”- деп айтты

Исманкулова Гулзат – Сокулук райондук “Таң-Чолпону” балдар билим берүү борборунун жетекчиси.-

“Бүгүнкү  семинарга Чүй областтык усулдук бөлүмүнөн Абдыраева Кундуз Мукашевна, мектеп жетекчилери, ийримдин мугалимдери келишти. Көптөгөн көйгөйлөр талкууланып  мастер класстар өткөрүлдү. Мектептен тышкаркы билим берүү катышууучулардын ой пикирлеринде өсүп келе жаткан муунга ар тараптуу чыгармачыл түрткү болоорун баса бергилешти, анткени кол өнөрчүлүк, эстетикалык жана илимий тарбияны өздөштүрөт. Учурдан пайдаланып баардык катышуучуларга  ыраазычылык билдиргим келет.

 

Даярдагандар: Марлен Базаркулов, Максат Сооданбеков

Айылдык ден- соолук комитети элди дени сак жашоого үндөйт

Даярдагандар: Жибек Камчыбекова, Марлен Базаркулов, Максат Сооданбеков, Сыймык Смайлбеков, Гулайым Адылбек кызы

Ден соолукка кам көрүү

Орок айыл аймагынын «Жал» Айылыдык Ден соолук Комитети 15.11.2019 жылы айыл тургундарына ден соолукка кам көрүү боюнча маалымат берди.

Нурбаева Жаңылкан Орок айыл аймагынын “Жал” АДК төрайымы

“ Бүгүнкү күндө биз  АДКнин мүчөлөрү Орок айыл өкмөтүнүн элине Кыргызстан кан басымы оорусунан биринчи орунда экендигине байланыштуу  ал оору кантип пайда болоорун жана аны алдын ала билүү керектигин  айыл тургундарын кыдырып маалымат берип жатабыз. Негизи адам баласы төрт нерседен улам ооруга чалдыгат экен. Тамеки тарткандан,ичимдик ичкенден, туура эмес тамактануу жана кыймылсыз жашоодон . Үч чоң көчөнүн ар бир көчөсундө  80-90 үйлөр бар. Биздин максат ар көчөдөн ондон ашык адам чогултуп ден соолукту туура караш керек боюнча маалымат берүү, бирок биздин айыл тургундарынын  ушунчалык кызыгуусу аз болгондуктан араң келип жатышты. Маалымат учурунда элдердин  сурагандары гумманитардык жана материалдык жардам болду. Тилекке каршы АДКти профилактикалык жумуштарды  жана оорулар боюнча маалымат беребиз. Эл аз чогулса да  баары тушүнүп,өз ден соолугу өзүнүн колунда өз убагында кам көрүү экендигин белгилешти. Мындан тышкаары айыл ичинде жүргөн маршруткаларга тамеки тартуу зыян деп эскертүү барактарын таратканбыз.Ошондой эле айылыбызда тамеки менен арак таптакыр сатыкка чыгарбаган “Улан-Ыйман” дүкөнү да жашоочуларыбыздын ден соолугуна кам көрөт деп ойлойбуз. Анткени арак ичүү адамдын үй бүлөсүнө жана ден соолугуна чоң көйгөй жаратат. Дагы бир көйгөй, туура эмес тамактануу тез татым азыктардын пайда болушу жана дагы аз кыймылдоодон да  оору пайда болот. Улгайган адамдар жумасына жок дегенде бир жолу таза абага чыгып машыгып, ал эми  жаш балдар тынбай спорт менен алектениши керек .”-деп айтты.

Даярдагандар: Жибек Камчыбекова, Марлен Базаркулов, Максат Сооданбеков, Сыймык Смайлбеков, Гулайым Адылбек кызы

Биринчи байлык-ден соолук.

Жашоо- турмушубузда – биринчиден  ден соолугубузду көздүн карегиндей сактообуз керек! Орок айыл өкмөтүнүн АДК нин ураанынын астында спорттук мелдешке катыштык.

Нурбаева Жанылкан- Жал айылдык ден соолук комитетинин төрайымы.     

“ Биз Стутко Галина Петровна экөөбүз Жал айылында 2008-жылдан бери ден соолук комитетинин төрайымы болуп иштеп келатабыз. Айылдык ден соолук комитетинин башкы милдетибиз ден соолукту чындоо боюнча элге алдын ала маалымат берүү. Бугун Р.Мамыралиев атындагы мектеп-гимназиясынын агай-эжейлери жана айылдын тургундарынан волейболдук команда тузуп Сокулукка барып жакшы оюн көрсөтүп келдик. Орок айыл өкмөтүнүн башчысы Чоодуев Уранга чоң ырахмат бизге колдоо көрсөтүп, айылдын элинин ден соолугуна кам көргөнүнө.Мектептин директору Динара Жолдошбековнага да ырахмат,себеби мугалимдер командасын түзүп бизге жардамдашканына. Биздин АДК командасы райондук волейбол мелдешинен 2-орунду алдык. Айылыбыздын жаштары спорт менен машыкса, ден соолуктары чың болот деп ойлойм. Мындан кийин да ушундай мелдештерге жаштар катышса, жакшы болот эле.Бүгүнкү спорт оюнуна катышкандын баарына дагы бир жолу чоң ыраазычылык билдирем”.- деп айты.

Токтогулов Баймурза — Р.Мамыралиев атындагы мектеп-гимназиясынын математик мугалими-

Бугун биз Сокулукта өткөрүлгөн ден соолукту чындоо боюнча спорттук мелдешке катыштык. Оюнду Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын социалдык тармагы боюнча жетекчиси,акимдин орун басары Токтобүбү Жээнбаевна ачып иш чаранын максатын айтып,оюнчуларга ийгилик, ден соолук каалады.Себеби азыркы учурда түрлүү оруулардын көбөйүшү, коомдо көйгөйдү алып келип жаткан учуру экенин белгиледи. Спорттук мелдешти Сокулук райондук айылдык ден соолук комитеттери тарабынан уюшулганын билдик.Оюнга алты айыл өкмөтүнөн оюнчулар катышып, биз 2-орунду жеңип алдык.Бүгүнкү волейбол оюну ден соолукту чыңдоого үндөгөн иш чара болду”- деп өз оюн билдирди.

 

Нуркамал Табалдиева ден соолук комитетинин мүчөсү —

“ АДК  комитетинин аркасынан  көптөгөн иштер, саамалыктар уюштурулуп, ден соолугу боюнча жардамга муктаж үй-бүлөлөргө көмөк көрсөтүлүп келет.Бүгүнкү ден соолукту чыңдоого арналган волейбол оюну  мага абдан жакты. Команданын кызыкчылыгын коргоп ойногон ушунчалык бизге жакшы маанай  тартуулады. Аба ырайы маанайыбызга тоскоол болгон жок. Волейбол ойнодук, кан чуркады  дегендей, мындан ары да команда топтолгон бойдон оюнду улантып, “Атам ,апам жана мен” деген команда түзүлүп, үй бүлө менен дагы оюндарга катышсак  аябай жакшы болмок.Ошондой эле мектеп директору Динара кызыбыздын жамаатына  ырахмат айткым келет,мугалимдик оор жумуштарына  карабастан айылыбыздын коомдук иштерине активдүү катышкандарына.Ал эми мектебибиздин татынакай балдарыбыз бизди кубануу менен күтүп, маалымат алып, орок айылынын тургундарына жайылталы деген ойлоруна жана  аракеттерине ырахмат”- деп оюн билдирди.

Ташбаева Чынара — Р.Мамыралиев атындагы мектеп-гимназиясынын биолог мугалими-

“ Ден соолук комитети уюштурган волейбол оюнуна Орок айыл өкмөтүнүн атынан барып активдүү катышып келдик. Оюн абдан кызыктуу өттү. Оюндун ачылышында бүгүнкү күндө ден соолукту чыңдоо үчүн арбирибиз өзүбүз кам көрүү экендиги иш чаранын максатында так айтылды. Кан басымдын көтөрүлүшү жана ар кандай оорулардын көп болуусу адамдардын ден соолукка кам көрүүсүнүн, көңүл бөлүүсунүн аздыгында деп ойлойм. Спорт менен машыккан адамдарда оорулардын аздыгы  өзү эле далилдеп турат. Мугалидик кесип да абдан оор кесип. Андыктан спорттук оюн менен машыгып туруу бизге да пайдалуу. Бүгүнкү оюнда баарыбыз ынтымакта, биримдикте волейбол оюнун ырахат алып ойнодук. Кыздар командасы 3- орунга ээ болдук. Ден соолукту чыңдоо үчүн уюштурган АДК комитетине жана бизди колдоп коштогон Орок айыл өкмөтүнүн жетекчилигине, мектеп директоруна ыраазычылык билдирем”- деп айтып кетти.

Даярдаган:  Марлен Базаркулов, Султаналиева Динара

Таберик

«Достук» Жамааттык мультимедиа борборунун окуучулары Орок айыл өкмөтүнүн Сарбан айылынын тургуну «Эл агартуунун мыктысы» төш белгисинин ээси ардагер, биолог мугалим Ажимудинова Бүбүзуура Мукараповна тууралуу сюжет даярдашты.

«Табият тагдыры- адамзаттын колунда»

Р. Мамыралиев атындагы мектеп- гимназиясында Сокулук районунун кыргыз класстарындагы биология  мугалимдеринин семинары. Тажрыйба алмашуу 29.10.2019 жылы болуп өттү.

Осмонова Алмагүл”Таалим-Форум” коомдук фондунун жетекчиси

“Динара Жолдошбековна жетектеген Мамыралиев атындагы мектеп-гимназиясында  биология жана орус тил сабактар боюнча семинар  болуп өттү. Биздин бул жакка келгенибиздин себеби,биздин фонд китептерди чыгарган. Бул китептер экология тууралуу. Китептерди  Америка элчилиги менен биргеликте чыгардык. Китеп кыргыз тилинде басылып чыккан.  Мугалимдер үчүн өтө пайдалуу,себеби ушул китептерди пайдаланып сабактарын өтүшсө, балдарга  билим берүүдө көптөгөн мааалыматтарды алышат жана беришет. ”- деп айтып кетти

Айгерим Жолчубекова “Таалим-Форум” коомдук фондундагы проект боюнча координатор-

“ Бүгүн Мамыралиев атындыгы мектеп-гимназиясында биология мугалимдердин семинары болуп өттү. Бул семинарга райондон көпөгөн мугалимдер катышты. Семинардын алкагында  “Ааламдашуу,биологиялык жана маданий ар түрдүүлүккө болгон таасири” жөнүндө окуучулар арасында чоң иштер болду. Андан тышкары биздин фонд тараптан тартылгын    “Мурас”, “Чөлдөгу бакча”,  “Жайыт” тасмалары көрсөтүлдү. Мугалимдер  тасманы жакшы кабыл алышып, өздөрүнун ойлору менен бөлүшүштү.   Аягында биздин фонд тарабынан  Америка элчилигинин колдоосу менен чыгарылган -Балдарга  экология боюнча китеп аталыштагы  ошондой эле мугалимдер үчүн усулдук китеп  семинарга келген Сокулук районунун  мугалимдеринин баардыгына тапшырылды. Китептердин жардамы менен көптөгөн  конкурстарды уюштуруп, сабактан тышкаркы иш чараларды өткөрсө болот.Ал эми  тасмаларыбыз болсо, биздин Кыргызстандагы био маданий ар түрдүүлүктү сактоо максатында тартылган. “ Мурас” кол өнөрчүлүгүн жайылтуу жана сактоо боюнча, “Жайыт”  кыргыздын салттуу көчүп конуу  эрежелери сакталгандыгы тууралуу ал эми ”Чөлдөгү бакча”  адам чөлдү бакчага айлантып, чарбачылык маселелери камтылган тасма”- деди ал.

Мамытов Каныбек  Красно октябрь мектебинин мугалими-

«Окуучулардн билим сапаты эң жакшы . Бүгүнкү иш- чарага жакшы даярданышкан. Көптөгөн элдин алдына эркин кысынбай жакшы сүйлөштү. Бүгүнкү иш-чаранын темасы өттө актуалдуу. Бул жердеги мугалимдердин баардыгы экологияны сактоого өз салымдарын кошууда экенин көрдүк.Бүгүнкү семинардан усулдук китептерди уютуруп берген мектеп жетекчисине чон ыраазычылык билдирем»-деп айтып кетти.

Шопоков №1 гимназия мектеп-гимназиясында биология жана география сабагынын мугалими Үмүталиева Айгул-

“Бүгүнкү семинар жакты, Айжан Хасановнанын биология  сабагына кирдик, аябай кызыктуу өттү ,окучуулар билимдерин көрсөтүштү.Өзгөчө класстан тышкаркы иш-чара  көңүлүбүзгө толду. “Ааламдаштыруу” деп аябай чоң тема алыныптыр, негизи университеттеги деңгээлдеги иш чара болду ,мектеп ушундай  проект  менен иштеп жатканыңар мени абдан кубандырды. Өзгөчө «Таалим-Форум» коомдук фонду тарабынын бизге берилген усулдук китептер биз үчүн чоң белек болду. Окуучулардын өздөрүн алып жүрүүлөрү, ойлорун айтуулары иш чаранын максатына дал келди”- деп оюн билдирди

Майрамкүл Арстанбековна Сокулук районундагы  биология сабагы боюнча усулдук бирикме жетекчиси , Сокулук районундагы №3-чү К.Шопокова атындагы  орто мектеп лицейинин мугалими —

«Бүгүн биз бул Рүстөмбек Мамыралиев атындагы гимназия мектебине биология сабагынан семинарга келдик. 8″а»-класста Сезүү органдары.Көрүү анализатору деген темада сабак өтүлдү. Балдар активдүүлүк,кызыгуу менен сабакка катышышты.    “Ааламдашуу,анын биологиялык жана маданий ар турдүүлүккө тийгизген таасири” деген темада 9-10-11класстар арасында класстан тышкаркы иш чара болду. Активдүү, акыл чабыты,ой жүгүртүүсү терең, турмушка болгон көз крашы мыкты окуучулар бар экен Келечек  жаштардыкы мектеп-гимназия болгондон кийин эң мыкты окуучулар окуйт деген ишенимим андан дагы тастыкталды.Жалаң эле ааламдашуу дегенде балдар көбүнчө компьютер же болбосо  маалыматтык технологияларды пайдаланып,кээ бири маалыматтарды керектүүсүн  керексизин деле анализдебей эле алып жатышат.Бүгүнкү иш чарадан анализдей билгенди үйрөнүп, өздөрүнүн келечегинде пайдасы тийе турган маалыматтарды алышты.Албетте, келечектеги жашыл планетанын ээси- азыркы окуучулар. Биз жашыл планета үчүн деп ойлорун айткандай, Кыргызстан силер сүйгөн, силер кыялданган жашыл планета болсун. Адам баласын жаратылыштан бөлүп кароого мумкун эмес, адам   жаратылыштын бир бөлүгү, ошондуктан жаратылышка ар дайым  жардам берүүбүз, сүйүүбүз,аны коргой билишибиз керек.”- деп айты.

Сулайманов  Акылбек Шопоков шаарындагы Экономика- экологиялык мектебинин мугалими-

“Мен мындайды күткөн эмесмин.Мен ойлогондон дагы жакшы болду. Ал эми окуучулардын баары өз ойлорун ачык айтуулары абдан жакты . Биздин өсүп келе жаткан жаш муундарга жаратылышка аяр мамиле кылып ушул жаратылышты коргоодо экология менен биологияны бири-бирине айкалыштырып эко география,химия дагы камтылды.Адамдар өзунун жашап жаткан мамлекетин көздүн карегиндей сактаса деп ойлойм. Негизи  бул эң сонун нерсе. Ар бир кесип өзүнүн багыты менен кетет.  Келечектин ээлери силерсинер,ошол өзүңөрдүн салымынарды кошсоңор ааламдашуунун терс жагын жеңесиңер.»- деп оюн билдирди

Даярдаган :Азиза Таарова, Адылбек кызы Гүлайым

Р.Мамыралиев атындагы мектеп- гимназиясынын башталгыч класстарында «Алтын күз» майрамы өттү

Күз төрт мезгилдин бирине кирет, жалбырактар ар кандай түскө боёлуп айланага ажыйып кооздукту тартуулайт. Күздүн кооздугун башталгыч класстын окуучулары сүрөттө, пейзажда, өз колдорунан жараткан күзгү жасалмаларында тартуулашты.

Даярдаган: Динара Султаналиева

«Карысы бардын ырысы бар»

Райымбекова Канымкүль 29.09.2019 жылы өз айылында карылар күнүнө карата чыгармачылык кечесин өткөрдү.

Солтонбекова Ализа — эмгек жанан социалдык өнүгүү министирдин орун басары

«Бүгүн биз Республикалык «Карылар күнү» деген майрамдын астында, Жал айылында » Карысы бардын —  ырысы бар» аттуу иш чарасынын өтүшүнө катыштык. Ата,  апаларыбызга каалоо- тилектерибизди айтык. Бул майрамдын мааниси аябай чоң. Көбүнчө мындай майрамга жаш жеткинчектер, жаштарыбыз көп катышышы керек. Себиби алар дагы карылардын жакшы кебин угуп, алардын тарбиясын алып, эстеринде калат. Ата, апаларыбыз  неберелерин ээрчитип келишиптир . Кийин муундан- муунга үй- бүлөлүк баалуулуктар уланып берилет. Бүгүнкү концертте тарбиялык иш чара да болду. Дагы бир жолу Жал айылынын карыларын келе жаткан майрамы менен куттуктайм»- деди ал

Амантай Кутманалиев- төкмө акын

«Бүгүн биз Жал айылына, карылар күнүнө келип, карыларга арнап концерт берип жатабыз. Концерт мектепте өтүүдө. Кыргыз эл артисти, атактуу куудул Келдибек Ниязов баш болуп, мен КР эмгек сиңирген артисти , улуттук Токтогул Сатылганов атындагы филармониянын төкмө акыны, КР эмгек сиңирген артисти Анапия Райымбекова биздин оркестерде иштеген комузчу, ооз комузчу өзүнөрдүн кызыңар Канымкүль эже болуп майрамдык маанай тартуулап жатабыз. Элиңиздерде маданий тейлөө жашы болсун. Белгилүү маарекелерди уюштура бериңиздер. Канымкүль эже мектебиңерде балдардын талантын, шыгын өркүндөтсүн. Маданият жагын колго алган — бул жакшы көрүнүш. Айылыңыздарда дайыма жакшылык болсун. Биз сиздердин жакшылыктарыңарга ортоктош болуп турабыз.»- деди

Мурадилов Кубанычбек- Кемин райондук балдар музыкалык мектебиинин директору

«Кыргыз элибиздин, кыргыз жерибиздин ар бир аймагы таланттардын мекени, таланттарга бай десек жаңылышпайбыз. Сокулуктун Жал аймагынан чыккан таланттуларды айта кетсек. Асанкул Шаршенов. Ал киши жөнүндө бүгүнкү кечте көп айтылды. Атактуу, СССРдин эл артисти, залкар ырчы Артык Мырзабаев , КР артисти, драмалык артист Мамбет Асанбаев- ушул элдин кулуну. Кошуна айыл Баш- Кара- Суудан чыккан Карагул Үкүбаев деген чоң залкар комузчу, музыкант болгон. Мына ушундай чоң таланттардын мекени болгон Жал айылынан дагы Райымбекова Канымкүль чыккан. Маданияттын мыкты кызматкери, Чүй областынын эң жогорку сыймыгы болгон «Кеменгер» сыйлыгынын ээси, музыкант, Кыргыз филармониясында жарым кылымга жакын эмгек кылган Райымбекова Канымкүлдүн чыгармачылык кечесине келгенбиз. Кечени Келдибек Ниязов алып барды. Амантай Кутманалиев комузда кол ойнотуп ачып, саламдашып куттуктады. Үч теректин үч кызынын улуусу Анапия Райымбекова жакшы ырларын тартуулады. Биз Канымкүлдүн өмүрдүк жубайы Медеттин классташтары гимназия мектепке илгери келгенбиз. Рүстөмбек агай, Каныш эже иштеп турган мезгилде. Гимназия мектебиңерде өзгөрүүлөр көп экен. Эл ичинде тынчылык болсун. Ынтымак, биримдик » Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарган» кыргыз эли бололу. Кыргыз элибиздин жаштарынын келечеги кең болсун. Чыгармачылык адамдарга ийгилик каалайбыз.»- деп өз оюн билдирди.

Куттубаева Гүлира- Жал айылынын тургуну.

«Карылар күнүнө карата, карыларды сыйлап ушул майрамды уюштургандарга ырахмат. Бүгүнкү концерт жакшы болду.  Майрам мектепте өткөндүктөн, мугалимдерге, мектептин жетекчисине ден соолук, окуткан балдары ыймандуу болсун демекчимин. Улууларды урматтап майрамга чыкырганыңарга ыраазымын жана ыраазычылык билдирем»- деп айтты

Момункулов Жапар- Жал айылынын тургуну

«Канымкүль Райымбекованын бүгүнкү чыгармачылык кечесинде маданият тармагында 49 жыл талбай иштеп келатканын билдик. Балдарды ооз комузга, комузга үйрөтүп жаткан экен. Бул өз кесибин сүйгөндүктүн белгиси. Айылыбызда таланттар көп чыкса деп ойлойм. Өзгөчө жаштардан мыкты адамдар чыкса, биз кубанып турабыз. Канымкүль өзүнүн айылына келип майрам тартуулаганына, коштоп келегендерге чоң ырахмат. Кече таасирлентти ошондой эле таасирлендик.» деп айтып кетти.

Бейшенов Токтобек Жал айылынын тургуну-

“Бүгүн,  классташым Райымбекова Канымкүлдүн карыларга арнаган концертин көрдүм. Мектепти бүткөнүбүзгө 50- жыл болду. Канымкүль Жал орто мектебин бүткөндөн кийин Куренкеев атындагы музыкалык мектепте  билим алды. Ооз комуз, комузда филармонияда кесибин аркалоодо. Мен кесибим боюнча ТУ- 154 самолёт менен жер кыдырып, ардактуу эс алууга чыктым. Кесибимди кийинки муунга бере албангандыгыма ичим ачышат. Мени менен кошо кеткенине күйөм. Ал эми Канымкүл кудай берген талантын урпакатрага берсем деген ою бар. Жал айылында талантар көп. Асанкул Шаршенов. Мамбет Асанбаев, Артык Мырзабаев, Бектен Абдылдаев. Жал айылында тынчтык болсун Канымкүлгө ырахмат. Ден соолук, ийгилик каалайм.”- деп айтты.

Даярдаган: Таттыгүл Тажаматова, Апакай Жалалбекова