Айылдык ден- соолук комитети элди дени сак жашоого үндөйт

Даярдагандар: Жибек Камчыбекова, Марлен Базаркулов, Максат Сооданбеков, Сыймык Смайлбеков, Гулайым Адылбек кызы

Таберик

«Достук» Жамааттык мультимедиа борборунун окуучулары Орок айыл өкмөтүнүн Сарбан айылынын тургуну «Эл агартуунун мыктысы» төш белгисинин ээси ардагер, биолог мугалим Ажимудинова Бүбүзуура Мукараповна тууралуу сюжет даярдашты.

Айылыбыздын мектебинде оңдоо иштери жүрүп жатат

Сокулук районунун Рустамбек Мамыралиев атындагы мектеп-гимназиясына Орок айыл өкмөтүнөн оңдоо иштерине 200000сом акча каражат бөлүнгөн.

Даярдаган: Динара Султаналиева

Орок айыл өкмөтү тууралуу билесизби?

Даярдаган: Динара Султаналиева

Правильное питье воды — залог здоровья

Подготовили: Акбермет Алымкулова, Адилина Жанболотова

 

Жайкы эс алуу

Мамыралиев мектеп- гимназиясында окуучулардын жайкы лагери ишин аяктады.

Жумалиева Разима Р. Мамыралиев атындагы мектеп — гимназиясынын мугалими-

«Биздин мектепте 3-июндан тартып бүгүнкү күнгө чейин мектепте  жайкы лагерь уюшулган.  Жалпысынан балдардын саны 35 бала болду.  Окуучуларды 2- группага бөлдүк. Бул лагерде балдар менен ырдап, бийлеп кагаздан ар кандай фигураларды жазап мультфильм көрүп убактыбызды текке кетирбей өткөрдүк. Ошондой эле » Келгиле окуйлу» долбоорунун алкагында кызыктуу китептерди да окудук. АЙылдык ден-соолук комитетинин жетекчилери Нурбаева Жанылкан, Стутко Галина Петровна тарбынан жайкы лагердин балдарына майрам уюштурулуп белектер жана бал муздак таратылды.  Ошондой эле балдарды Сокулук айылындагы Дүйшөнкул Шопоковдун музейинине алып бардык. Жайкы лагерде башталгыч класстын мугалими Жибек Кунесовна экөөбүз  иш алып бардык.» деп өз оюн билдирди.

Окуучулар музейде экскурсия маалында.

Даярдаган: Турдакун Камчыбеков

Достук оюну

Орок айыл өкмөтүндөгү жаштарды биримдике чакыруу боюнча футбол турнири өткөрүлдү.

«Чүй Ордо» коомунун өкүлү Калыков  Нурбек:

“ Акыркы окуяларга байланыштуу «Чүй Ордо» коому ынтымакка чакырган турнир өткөзүп жатат. Бугун биз түрк бир туугандарыбызды бири-бирибизден кечирим суроо учун чакырдык. Жаш балдарыбыз менен түшүндүрүү иштерин жүргүздүк. Өз каталарын түшүнүштү деп ойлойм. Бугунку оюнга Орок айыл өкмөтүнүн Жал, Сарбан, Кашка- Баш, Орок, Селекция айылдарынан командалар келип футбол ойноп жатышат. Биз командаларды топ жана форма менен камсыздап бердик. Үч орунга байге коюлду. Биринчи орунга 15000 сом, экинчиге 10000 сом, үчүнчүгө 5000 сом.  Андан тышкары биздин милиция кызматкерлерине да ыраазычылык катары бир кой алып келдик.  Бүгүн оюн жакшы өтүп жатат. Биз жаштардын арасында ынтымак, тынчтык жаратуу өлкөбүз үчүн эң маанилү иштердин бири экенин айттык. Бүгүнкү уюштурган ынтыкмакка чакыруу турнирибиз өз максатына жетти деп ойлойм.” – деп өз оюн айтып кетти.

Орок айыл өкмөтүнүн башчысы Чоодуев Уран:

“ Бугунку оюндун максаты түрк бир туугандарыбыз менен ынтымакка келуу. «Чүй Ордо» коомунун өкүлү келип, баарыбыз биргеликте футбол боюнча турнир өткөрүп жатабыз.  Орок айыл өкмөтүнүн ичинен алты команда чыкты. Ортого байге коюлду. Оюн буюруса жакшы маанайда өтүп жатат. Эн негизгиси жаштарыбыз ынтымакка келишти. Биз учун кубанычтуу нерсе ошол. Элибизде тынчтык болсун.” – деп айтып кетти.

Өмүрбек уулу Бекжан окуучусу:

“ Бугун биздин айылда футбол боюнча турнир өттү. Биздин команда мектептин аттынан чыгып ойноду.  Оюнга орок айыл өкмөтүнөн 6 футбол командалары келип достук мелдеште ойношту.  Оюн жакшы өттү. Ушундай турнирлердин өтүп турушуна биз жаштар тилектешпиз.” – деди.

Даярдаган: Адилина Жанболотова

23- апрель Бүткүл дүйнөлүк китеп күнү

 

«Билим алуу- ийне менен кудук казгандай».

Токтосун Самудинов-журналист,”Байчечекей журналынын” башкы редактору

“Чыгармачылык жашоом мектепте эле башталган,кийин университетте ырларды жаздым,  бүткөндон кийин “Ленинчи жаш” деген  газетасында , телевиденияда иштедим, эми кырк жылдан ашуун “Байчечекей”журналында иштеп жатам. Биздин журналдын аудиториясы көбунчө балдар жана мугалимдер, ошондуктан биз мектептин программасына ылайыктуу материалдарды чыгарабыз. Биздин максатыбыз мугалимдерге, ата-энелерге, балдарга жардам берели деген. Биз келечекте мектеп менен байланыш жазайбыз. Бул мектеп абдан чоң, республикага таанымал , балдары дагы көп,мугалимдери абдан сый-урматка  татыктуу экен. Ошондуктан биздин келген максатыбыз Жал айылынын мектебинин тыжрыйбасын жайылтуу себеп болду. Келечекте бул мектеп өсүн.Р. Мамыралиев мектеп- гимназиясынын балдары, мугалимдери жалаң эле ушул ройонунун аймагында калбай атактуу инсандардан болуусуна тилектешмин ”-деди ал.

Будайчиеева Тамара Кадыракуновна-Р.Мамыралиев атындагы мектеп- гимназиясынын китепканачысы

“Бул мектепте мен эки миң он сегизинчи жылдан бери иштеп келе жатам. Мектептеги китепкананын  башка китепканалардан айырмачылыктары бар экен, бирок өздөштүрүп кеттим жумушту. Биз иш-чарабызды 23- апрель Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүнө карата өткөргөнүбүз.  Башталгыч класстын мугалими Гүлсийна Сапарбековна менен уюштурдук. Токтосун Саймудинов агайыбыз балдарга арнап  чыгарган чыгармачылыктарын айтып, андан тышкары бизге көптөгөн китептерин белекке таштап кетти. Келе жаткан муундарга айтаарым көп китеп окушсун”-деп айтты.

 

Курманбек Раматов-Кыргызстан журналистинин союзунун төрагасы

“Чуй баяны” газетасында биринчи редактору , Кыргыз-Туусу газетасынын редактору болгом. Мага бүгүн абдан кубанычтуу ушул мектепте жаш журналисттер пайда болуп,ушундай сайт ачып,мектептин турмушу,айылда болуп жаткан окуялар, иштер жөнүндө маалымат берип журналисттик кабарчылык ишке такшалат экенсиңер. Бул аябай кубанычтуу мындай көп эле мектептерде учурай бербейт. Биз ыраазычылык билдиребиз силерге, журналист деген бул эң жакшы, сыймыктуу, коомдун өнүгүшунө салым кошкон, элдин ичине чыккан адам. Мен ойлойм ушул мектетен силер жакшы тарбия алып журналист болом деген келечекке үмүт аласынар.Мына бүгүн дагы биз менен болгон жолугуушуну чагылдырууга бизден интервью алып жатасынар. Макалаңарды ийгиликтүү чыгара бергиле. Силерге аябай жаркын келечек каалайбыз Кыргызстандагы жалпы маалымат дүйнөлүк маалыматтагы белгилүү медиа борборго айлана бергиле. Силер, биз  журналисттер союзу менен да  кызматташкыла”- деп өз оюн билдирди.

 

Сатарова Гүлсийна Сапарбековна-Р.Мамыралиев атындагы башталгыч мектебинин мугалими

Р.Мамыралиев атындагы мектеп-  гимназиясында мен 1997- жылдан бери иштеп келе жатам. Бугунку биздин кечебиз абдан маанилүү, анткени 23-апрель дүйнө жүзүндөгү көптөгөн мамлекттерде китеп кунү белгиленет.Биз дагы  китеп күнүнө карата Тамара Кадыракуновна менен бирдикте 2а, 3б классынын  окуучуларына “ Китеп билим булагы, билим өнөр чырагы” деген темада  ачык класстык саат өттүк. Бул ачык сабакта биздин кыргыздын улуу жазуучусу балдар акыны Токтосун Самудиновту жолугушу кечеге чакыргынбыз . Окуучулар акындын ырларынан көркөм айтып беришти. Сабак максатына жетип, жеткинчектерге абдан пайдалуу болду. Жолугуушуда балдарга китеп окуу боюнча  көп жакшы акыл- насаат сөздөрүн меймандар айтып беришти”- деп айтып кетти.

Даярдаган: Элана Батырбекова.

Редактор: Ууржан Молдокулов.

2000-жылкы бүтүрүучүлөрдүн демилгеси

Асан,Данияр,Камчыбек,Джанчар,Ренат,Улан аттуу жигиттердин демилгеси менен кайрымдуулук иш уюштурулду

Сыдыкбеков Камчыбек  Сарбан айылынын тургуну-

“ 2000- жылы Р.Мамыралиев атындагы гимназия орто мектебин  аяктаган классташтарыбыз былтыр чогулуп  мектеп  окуучуларына колубуздан келген жардамыбызды берели деп суйлөшкөнбүз. Мына бүгүн 8-апрелде окуучулардын жазган каттары боюнча белектерибизди берели деп келдик. Балдар менен суйлошсок келечектеги максаттарын айтышты. Окуучулар мектептин жакшынакай чөйрөсүндө, Динара Жолдошбековна менен өсүп жаткандарына кубанчыкта болдук. Жакшы ийгиликтерге жетишсин деп каалайбыз.”- деп өз оюн билдирди.

Жаркынбаев Данияр Жал айылынын тургуну-

“ Биздин классташтарыбыздын мектепке келген максатыбыз жардам керек болгон окуучуларга көмөктөшөлү деген ой. Былтыр классташтар чогулуп отуруп өзүбүз окуп бүткөн мектебизбизге кандай жардам берсек, эмне жазасак пайдалуу болот дегенбиз. Ортодо бир классташыбыз айтып. Мектепте окуган балдарга жаңы жылда кыялдарында эмне бар экенин билип, белектерди таратышкан. Окуучулардын ден соолукта болуп жана алдыга умтулуп келе беришсин деген каалоо тилектерим бар.”- деп айтып кетти.

Каныбекова Аида-8 класстын окуучусу

Мен абдан ыраазымын бүгүнку конокторго анткени алар биздин оюбузду ишке ашырышты.Байкелер да  биздин мектептин окуп бүтүрушкөндөрүн айтышып, бизге келечекте билим алсак максатыбызга жетесиңер деп тилектерин айтты.Сиздерге чон ырахмат ден соолукта болгула.Келечекте мен дагы башка окуучуларга жардам берем.-деп айтты.

Даярдаган: Элана Батырбекова

Редактор: Ууржан Молдокулов