«Карысы бардын ырысы бар»

Райымбекова Канымкүль 29.09.2019 жылы өз айылында карылар күнүнө карата чыгармачылык кечесин өткөрдү.

Солтонбекова Ализа — эмгек жанан социалдык өнүгүү министирдин орун басары

«Бүгүн биз Республикалык «Карылар күнү» деген майрамдын астында, Жал айылында » Карысы бардын —  ырысы бар» аттуу иш чарасынын өтүшүнө катыштык. Ата,  апаларыбызга каалоо- тилектерибизди айтык. Бул майрамдын мааниси аябай чоң. Көбүнчө мындай майрамга жаш жеткинчектер, жаштарыбыз көп катышышы керек. Себиби алар дагы карылардын жакшы кебин угуп, алардын тарбиясын алып, эстеринде калат. Ата, апаларыбыз  неберелерин ээрчитип келишиптир . Кийин муундан- муунга үй- бүлөлүк баалуулуктар уланып берилет. Бүгүнкү концертте тарбиялык иш чара да болду. Дагы бир жолу Жал айылынын карыларын келе жаткан майрамы менен куттуктайм»- деди ал

Амантай Кутманалиев- төкмө акын

«Бүгүн биз Жал айылына, карылар күнүнө келип, карыларга арнап концерт берип жатабыз. Концерт мектепте өтүүдө. Кыргыз эл артисти, атактуу куудул Келдибек Ниязов баш болуп, мен КР эмгек сиңирген артисти , улуттук Токтогул Сатылганов атындагы филармониянын төкмө акыны, КР эмгек сиңирген артисти Анапия Райымбекова биздин оркестерде иштеген комузчу, ооз комузчу өзүнөрдүн кызыңар Канымкүль эже болуп майрамдык маанай тартуулап жатабыз. Элиңиздерде маданий тейлөө жашы болсун. Белгилүү маарекелерди уюштура бериңиздер. Канымкүль эже мектебиңерде балдардын талантын, шыгын өркүндөтсүн. Маданият жагын колго алган — бул жакшы көрүнүш. Айылыңыздарда дайыма жакшылык болсун. Биз сиздердин жакшылыктарыңарга ортоктош болуп турабыз.»- деди

Мурадилов Кубанычбек- Кемин райондук балдар музыкалык мектебиинин директору

«Кыргыз элибиздин, кыргыз жерибиздин ар бир аймагы таланттардын мекени, таланттарга бай десек жаңылышпайбыз. Сокулуктун Жал аймагынан чыккан таланттуларды айта кетсек. Асанкул Шаршенов. Ал киши жөнүндө бүгүнкү кечте көп айтылды. Атактуу, СССРдин эл артисти, залкар ырчы Артык Мырзабаев , КР артисти, драмалык артист Мамбет Асанбаев- ушул элдин кулуну. Кошуна айыл Баш- Кара- Суудан чыккан Карагул Үкүбаев деген чоң залкар комузчу, музыкант болгон. Мына ушундай чоң таланттардын мекени болгон Жал айылынан дагы Райымбекова Канымкүль чыккан. Маданияттын мыкты кызматкери, Чүй областынын эң жогорку сыймыгы болгон «Кеменгер» сыйлыгынын ээси, музыкант, Кыргыз филармониясында жарым кылымга жакын эмгек кылган Райымбекова Канымкүлдүн чыгармачылык кечесине келгенбиз. Кечени Келдибек Ниязов алып барды. Амантай Кутманалиев комузда кол ойнотуп ачып, саламдашып куттуктады. Үч теректин үч кызынын улуусу Анапия Райымбекова жакшы ырларын тартуулады. Биз Канымкүлдүн өмүрдүк жубайы Медеттин классташтары гимназия мектепке илгери келгенбиз. Рүстөмбек агай, Каныш эже иштеп турган мезгилде. Гимназия мектебиңерде өзгөрүүлөр көп экен. Эл ичинде тынчылык болсун. Ынтымак, биримдик » Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарган» кыргыз эли бололу. Кыргыз элибиздин жаштарынын келечеги кең болсун. Чыгармачылык адамдарга ийгилик каалайбыз.»- деп өз оюн билдирди.

Куттубаева Гүлира- Жал айылынын тургуну.

«Карылар күнүнө карата, карыларды сыйлап ушул майрамды уюштургандарга ырахмат. Бүгүнкү концерт жакшы болду.  Майрам мектепте өткөндүктөн, мугалимдерге, мектептин жетекчисине ден соолук, окуткан балдары ыймандуу болсун демекчимин. Улууларды урматтап майрамга чыкырганыңарга ыраазымын жана ыраазычылык билдирем»- деп айтты

Момункулов Жапар- Жал айылынын тургуну

«Канымкүль Райымбекованын бүгүнкү чыгармачылык кечесинде маданият тармагында 49 жыл талбай иштеп келатканын билдик. Балдарды ооз комузга, комузга үйрөтүп жаткан экен. Бул өз кесибин сүйгөндүктүн белгиси. Айылыбызда таланттар көп чыкса деп ойлойм. Өзгөчө жаштардан мыкты адамдар чыкса, биз кубанып турабыз. Канымкүль өзүнүн айылына келип майрам тартуулаганына, коштоп келегендерге чоң ырахмат. Кече таасирлентти ошондой эле таасирлендик.» деп айтып кетти.

Бейшенов Токтобек Жал айылынын тургуну-

“Бүгүн,  классташым Райымбекова Канымкүлдүн карыларга арнаган концертин көрдүм. Мектепти бүткөнүбүзгө 50- жыл болду. Канымкүль Жал орто мектебин бүткөндөн кийин Куренкеев атындагы музыкалык мектепте  билим алды. Ооз комуз, комузда филармонияда кесибин аркалоодо. Мен кесибим боюнча ТУ- 154 самолёт менен жер кыдырып, ардактуу эс алууга чыктым. Кесибимди кийинки муунга бере албангандыгыма ичим ачышат. Мени менен кошо кеткенине күйөм. Ал эми Канымкүл кудай берген талантын урпакатрага берсем деген ою бар. Жал айылында талантар көп. Асанкул Шаршенов. Мамбет Асанбаев, Артык Мырзабаев, Бектен Абдылдаев. Жал айылында тынчтык болсун Канымкүлгө ырахмат. Ден соолук, ийгилик каалайм.”- деп айтты.

Даярдаган: Таттыгүл Тажаматова, Апакай Жалалбекова

Бүткүл дүйнөлүк тазалык акциясы

21- сентябрь Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнө карата өткөрүлгөн акцияга Рустамбек Мамыралиев атындагы мектеп- гимназиясынын окуучулары жана мугалимдери активдүү катышты.

Даярдаган: Ууржан Молдокулов

«Билим алып ыйык колунан, даанышман да мугалимден окуган»

Сокулук райондук маданият үйүндө Мамлекеттик тил күнүнүн 30 жылдыгына карата өткөрүлгөн иш-чара. Салтанатту иш-чарага КР Билим берүү министирлигинен, Мамлекеттик тил боюнча комиссиянын өкүлү , областтык усулкана адиси чакырылган.

Молдалиева Максат Сокулук райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчисинин милдетин аткаруучу-

«Улуттук өзгөчөлүктөр- маданий мурас дегендей» бүгүнкү өтүп жаткан Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзамын ишке ашырууда, окутууда, өнүктүрүүдө районубуздун кыргыз тилчи мугалимдеринин эне тилин билүүгө түрткү берген көрсөткүчтөрүнүн бири. «Улут болсом, тилим менен улутмун» деп айтылуу акын Э.Ибраев ырында жазган. Тил аркылуу дүйнө таанууга, башка улуттардын тилин, маданияттын, салт- санаасын билүүгө болот. Сиздерди дагы бир жолу Мамлекеттик тил мыйзамынын 30жылдык майрамы менен куттуктайм»- деди өзүнүн сөзүндө

Алмаз Сүйүндүков Чүй облустук усулдук билим берүү  бөлүмүнүн адиси-

Бүгункү күнү Сокулук районунун маданият үйүндө Кыргыз мамлекеттик тилинин 30 жылдыгына арналган жакшы маареке болуп өттү. Бул күндө баардык Кыргызстандын эли, ушул кыргыз тилин өнүктүрүүдө өзгөчө мугалимдер жана райондун билим берүү бөлүмү да чон салымын кошууда. Сокулук районунун мугалимдерине тилди өнүктурүдө кошкон салымдары үчүн жетекчиликтин атынан ардак грамоталарды тапшырдык. Бардыгыңыздарды майрам менен куттуктап, төмөнкү ыр саптарды арнап кетейин:

Кырыгыз эли эне сүтүн актайлы,

Колдон келсе, болушунча барктайлы.

Бөтөнчөлөп көп улуттун тилинен,

Бүт дүйнөгө кыргыз тилин даңкталы.” – деп айтты

 

Сезим Каныбековна КРнын президентине караштуу Мамлекттик улуттук тил комисиясынын жетектөөчү адиси-

Мен, бүгүн Сокулук районунда “Мамлекеттик тил” макамын алган улуу күнүнө карата өткөрүлгөн иш- чрага Мамлекттик тил боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы Назаркул Ишекеевдин атынан куттуктап келдим . Куттуктоодо Кыргызстандын көз карандысыздыгына карай жолубуз- эне тилибиздин сактап калуу кыймылы менен башталгандыгын, 30жыл мурда бул кыймыл зор коомдук күчкө жетип, кыргыз тилинин Мамлекеттик даражасын мыйзам түрүндө бекитүүгө жетишкендигибиз. Ар бир эл, улут үчүн өз эне тили ыйык жана касиеттүү. Анткени ал эненин сүтү менен келет. Ата- бабалардан, урпактардан кабыл алынган баа жеткис мурас. Азыркы тил кор болууга эмес, колдонууга муктаж. Биз бул тилекке сөзсүз жетебиз. Акыйкатта, Мамлекеттик тил боюнча саясаттын жүгөн- ноктоосу элдин колунда, ошондуктан ата-бабалардын кенч мурасын кийинки муундарга түгөнбөс жана бүтпөс мекенчиликтин башат булагынын көзу соолубасын.Өлкөбүзгө бакубатчылыкты, жергебизге ырыскылуу ынтымакты кааламакчымын деген каалоосун жолдодум»- деп айтып кетти.

Качкынбаева Алина Сокулук районунун билим жана илим профсоюзунун жетекчиси-

Сокулук районунда чоң майрамдык иш- чара өтүп жатат. Бул майрам кыргыз тилин мамлекеттик тил катары алынганын майрамдап отурабыз. Майрамга билим берүү мекемелериннин жетекчилери , кыргыз тилинин мугалимдери катышышты. Мугалим, мектеп жетекчилеринен тышкары дагы ардагер мугалимдер катышып отурашат. Мен бардыгыңыздарды тил мыйзамынын кабыл алынгандыгына 30- жыл толгон майрамы менен куттуктайм. Биз өстүрүп келеткан жаш муунадар кыргыз тилинде сүйлөөнү модага айландырып алышса деген тилектемин. Бул майрам жакшы деңгээлде өттү” деп өз оюн билдирди.

Керез Уметалиева  —

«Биздин бала-бакчада 6- топ бар, 3 топ кыргыз тилинде окуп үйрөтүлөт калган 3 топ орус тилинде окушат. Кыргыз топтордо көбүнчө орус, дунган улутунун балдары окуйт . Биздин балдар өзүбүздүн тилибизди сактап урматташын биз бакчадан баштап үйрөтүшүбүз керек. Кыргыз тилинин майрамы райондук деңгээлде өттү. Бул майрамда биздин бала- бакчанын балдары кыргыздын улуттук бийлерин билешти, ырларын ырдашты.»- деп оюн билдирди

 

Кенжебаева Таалайгул Жаңы- жер орто мектеп комплексинин кыргыз тили жана адабият мугалими-

Болуп өткөн иш- чарага районубуз чоң эмгек жумшап жатат десем жаңылышпайм, себеп кыргыз тилинин майрамынын 30- жылдыгына карата кесиптеш 35-45 жыл эмгек стажы бар ардагер мугалимдерибиз чакырылып алардын каалоо- тилектерин уктук. “Тил болбосо, улут болбойт эмеспи” андыктан мугалимдерге кааларым окуткан окуучулары Кыргыз мамлектине кызмат кылган. Кыргыз эли үчүн жанын аябаган, өзгөчө кыргыз тил жаатында зор салым кошкон инсандардан болушун. Мамлекттик тил күнүнүн 30 жылдыгына карата өткөрүлгөн иш- чарада райондун билим берүү бөлүмүндө иштеген адистерге ыраазычылык. Сейнебүбү Турдумамбетовнанын баштоосу менен астынкы кыргыз тилчи мугалимдер ушул иш- чараны жогорку денгээлде уюштуруп өткөрүштү”- деди ал.

Даярдаган: Динара Жолдошбековна

Төмөнкү Орок айылындагы окуя

Айт күнүндө 05.06.2019 Сокулук районунун Орок айыл өкмөтүнүн Төмөнкү Орок айылда болгон окуя.

Ашырбаева Чолпон Төмөнкү Орок айылынын тургуну-

Менин балам Жолдошбеков Равиль 5- июнда Айт намазга атасы байкелери достору менен кеткен. Мурун Айт намаз бүткөндөн кийин эле үйгө келчи. Мында көпкө жок болгондуктан сарсана болуп көчөгө чыккам. Көчөдөн карсам милиция кызматкерлери чогула баштаптыр.Ошол топ элдин арасына барсам уулумдун досун Тимур атту баланы сабап кетишиптир деди. Балам жанында жүргөндүктөн андан дагы чочуп сурагам. Көрсө менин да уулумду урушуптур. Азыркы учурда 3- Балдар ооруканасында дарыланууда.»- деп айтып кетти

Мурсалов Гуммет Төмөнкү айылыны тургуну-

«Мен 1957- Орок айылында төрөлгөм үч кыз бир уулдун атасымын. Сегиз неберем бар. Айылдын элин баарын жакшы көрөм, мени да жакшы көрүшөт. Жакын кошунам Алишер, Сейдалиева Тунук туугандай катышабыз. Кыргыз түрк деп улутка бөлүнбөй эле жашап келе атабыз. Жаш муундарга акылыбызды айтыш керек. Балдарымдын баары  Жалга барып окушкан. Жазуучу, акынмын 300дөн ашык ырым бар. Орус, кыргыз, түрк,  азербайджан тилинде жазам. Кечээ күнү түрк элдеринин улуу Айт майрамында 14-15 жаштагы балдар мушташат. Билбейм эмне үчүн? Эмне? талашып урушушат. Биз бул жакка өз ыктыярыбыз менен келген эмеспиз. 1944- жылдары Сталин бизди бул жерге жөнөттү. Балалыгым Кавказда өттү, бирок баары бир деле чоң атам, чон апам сагынып төрөлгөн жериме кайтып келдим. Ошондо мындай ыр жаздым:

«Осень, Кавказ холодно и дождь, над маленьким народам издевался вождь.

Мрачные тучи набегали как тень,и тихую деревню окружил канвой.

Слышен шум и собачий вой,привезли нас в Киргизию.

Тут люди добрые, дальновидные, мудрые, одели, обули, кормили нас.

Мой народ, братья киргизы не забудет вас,

Наверно от дальнейшей беды нас изберег дух твой дедушка Манас!

Манас бул кыргыздын атасы. Мен дагы өзүмдү Манастын баласымын деп санайм»- деди ал.

Самига Абдырасулова Томөнкү Орок айылынын тургуну-

“Мен болгон окуядан жабыркаган Тимур аттуу баланын чоң апасы болом. Болгон окуяны толугу менен билбейм. Эрте маал жумушума кетекем мага чоң уулум телефон аркылуу чалып баламды түрк улутунун жараандары сабак кетти деди. Уулума тез жардам чакырткыла деп айткам. Бирок милиция кызматкерлери келип баланы больницага алып бардырбай үйдө  окуя боюнча иликтөө иштерин жүргүзүшкөн. Жабыркаган неберем убакыт созулганга ары бери кыймылдатып сүрөткө тартып, суроолорго жооп бергиче дагы кыйналган. Азыркы учурда деле неберемдин акыбылы оор, моюна моюнтурук кийгизип койгон ”- деп айтып кетти

Исмаилов Айбек Орок айылындагы Жаңы конушунун тургуну-


“ Бул окуяны өз көзум менен чет жактан көрдум. Кыскача айтканда, ар бир ата-эне өз балдарына туура тарбия берсе кийинки муун ошол тарбияны көрүп өсөт.Биздин айыл өкмөттө көп улуттуу элдер жашашат. Улут жаман эмес адамдын өзундө туура эмес жүрүш- туруштар болуп жатпайбы. Соц.тармактарда кыргыз улутунун өкүлдөрү түрк элин коркутуп үйлөрүн өрттөштү деген маанидеги видео, сүрөттөр жүрөт. Бул жерде эч ким эч бир адамдын үйүн өрттөгөн эмес жөн гана жыйылып турган чөп өрттөнүп кеткен.»- деп өз оюн билдирди.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Улуу Жеңиш жүрөгүбүздө сакталат!

Орок айыл өкмөтүндө Улуу Жеңиш күнүнүн 74-жылдыгына карата  майрамдык салтанат   өткөрүлдү.

Сыдыгалиев Үсөнбек-профессор КГУСТА

10-жылдан ашык Жал айылында совхоздун директору болуп иштегем. 40-жылдан бери Жал айылында жашап келем. Бүгүнкү күнү айыл өкмөтү,айыл-башчылары тарабынан 9-май майрамы өткөрүлдү. Жеңиш күнү эң чоң майрам. Аталарыбыз,агаларыбыз өзүнүн канын төгүп,бизге жакшы турмушту жеңип берди. 74-жыл тынчтыкта жашап жатабыз. Кандай чоң деңгээлге жетип,эгемендүү болуп осуяттарыбызды сактап өнүгүп келүүдөбүз. Уюштуруучуларга, мектеп  директоруна, мугалимдерге, окуучуларга чоң ырахмат-деп айтты.

 

Акжолова Гульмира-Жал айылынын тургуну

Бүгүнкү майрамыңар менен куттуктайм. Мен 2017-жылдан бери Жал айылда үй салып, жашап жатам. Айылда бүгүнкү салтанатта айыл өкмөтү тарабынан, биз үчүн согушта жанын аябай ушул тынчтык жашоону жеңип берип, өз жерлерине кайтпай калган ата-бабаларыбызга куран окутуп жатат. Бул да болсо, жакшы саамалык. Айыл өкмөтүнүн жамаатына чоң ыраазычылык. 4-жылдан бери айылда өтүп жаткан майрамдар мектепте өтөт. Андыктан мектеп да өркүндөп өссүн демекчимин-деп оюн билдирди.

 

Жумалиев Бусурманкул-Жал айылынын тургуну

Айыл өкмөтүнүн өткөрүп жаткан 74-жылдык согуштан кийинки юбилей, бул өзү абдан ыйык бирден-бир адамзаттын  жашоосунда экинчи согуш келбей тургандай тилегибизди айтат элек. Мына бүгүнкү өткөзүп жаткан айыл өкмөтүнүн, жалпы элге өзүнүн кызматын кылып, кийинки жашообуздагы ушундай жакшылык менен гана өтсүн деген тилегимди айтаар элем. Мындан ары эч убакта согуш болбой, жакшы турмушта жашап өтөлү деген тилекти каалайм сиздерге-деп оюн билдирди.

 

Орозбекова Дамира -Жал айылынын тургуну

Бүгүн биздин Мамыралиев атындагы мектеп-гимназиябызда орок айыл өкмөтү тарабынан уюштурулган 9-майга карата, бизге ушул күндү алып келген аталарыбызды, жоокерлерибизди, баатырларыбызды эскерип майрамдык иш чара өттү. Ал иш чарага биздин мектептин жана Орок орто мектебинин окуучулары активдүү катышып беришти.

Айыл өкмөтү колдоп, ушундай иш-чаралардын башында туруп бергендиги чоң сыймык. Мындан ары да ушул тарыхыбызды биздин ата-бабаларыбыз баскан жолдорун кийинки муундарга айтып, өткөрүп берүү биздин милдетибиз деп эсептейм. Баардыгыңыздарды Жеңиш майрамы менен куттуктайм. Бул күндү бизге тартуулашкан ата-бабаларыбызды эч качан унутпайбыз. Ар дайым жүрөгүбүздө сакталат-деп айтып кетти.

 

Калдыбаев Назарбек-Орок айылынын тургуну

Ушул Жеңиштин 74-жылдыгына айыл аксакалдарын чакырып,  айыл өкмөтү майрам уюштурушту, аларга чоң ырыхмат. Оюн-зооктор уюштурулуп, жакшы өттү. Биздин айыл өкмөтүндө баары жакшы болсун. Мындан кийин экинчи согуш болбосун. Бизден кийинки балдар, неберелерибиз ошол согушту таакыр көрбөсүн-деди

 

Бейшембаева Фарида-Селекциянын тургуну

Бүгүн биз кошуна мектебиз Мамыралиевге келип 9-май Жеңиш күнүнө карата эң жакшы иш-чараларды өткөрүп жатабыз. Айылда болгон аксакалдарды, согуш күнүн көргөн  карыларыбызды ушул жерге чогултуп Орок айыл өкмөтүндөгү эки мектептин окуучуларынан ыр-бий майрамдык белек тартууланды. Улуу Жеңиш күнү менен барыңарды куттуктайм-деп айтты

 

Даярдаган: Элана Батырбекова

Редактор: Динара Султаналиева

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Жал айылынын тургундарынын кышка даярдыгы

img_1556

Азыркы учурда айылдын тургундары кышка даярданып жатышат. Жал медиясынын корреспонденттери айыл тургундарынын кышка даярдыктары жонундо сурамжылоо откорушту.

Бурмакан эже жемиштерден салаттарды, вареньелерди жасады. Даярдыкка Бурмакан эженин Россияда иштеген уулу жардам берди.

img_1635

img_1561

 

«Кышкыга даярданып малинадан, сливадан, карагаттан [варенье] жасадык. Компотту алмадан, сливадан даярдадык. Жерге тушкон алмаларды как кылдык. Быйылкы кыш женил болот окшойт, суук деле болгон жок. Жай начар болуп калды, жаанчыл болуп калды. Картошкага эле жакшы болду окшойт», — деди Бурмакан Сыдыкова.

img_1654

Аида Сакебаева келе жаткан суук мезгилге жакшы кам коруп алды деп ойлойт.

«Быйыл кыш суук болот деп жатышат. Ага карап дагы салат, варенье, компотторду жаптык. Комур, отун алып алдык. Ошол учун варенье, компоттун баарын жасап жатпайбызбы», — дейт Сакебаева.

Жал айылын дагы бир тургуну Алтынай эже быйылкы кышка кошуналары менен даярданды.

img_1665

«Суугун азыр эле корсото баштабадыбы. [Жашылча-жемиш] остургондо суу кенен болуш керек экен, бул шаар чолкому болгондуктан суу жетишпейт экен. Кышка даярдык жакшы, жакында комур алабыз», — деди Жапарова.

Нургул Узакбаева бул кышка толугу менен даяр десе болот, бир гана комур алыш керек.

«Быйыл даярдык жакшы, бардыгы оз короомдон. Бардыгы: кышта даярдалуучу нерселер вареньелер,  приправалар,  салаттар, компоттор дегендей. Даярдык бар, отундар даяр, комурду кийинчирек алабыз. Аба ырайы боюнча кыш суук болот экен», — деп болушту  Нургул эже.

Даярдагандар: Альбина Нурбек кызы, Азамат Кубанычбек уулу, Мырзайым Кубатбек кызы.

В школе Джала пройдет праздник «Посвящение в гимназисты»

20130101_140220

В школе имени Мамыралиева полным ходом идет подготовка к дню «Посвящение в гимназисты» —  ученики пятого класса перешедшие в группы на углубленное изучение предметов. Мероприятие пройдет 19 октября. В рамках праздничной программы, пятиклассники торжественно зачитают клятву, где обещают не подводить родителей и осваивать науки.

По словам завуча по воспитательной работе Ырыскельди Асанова, посвящение пятиклассников проходит в школе с 2000 года и является знаменательным событием для каждого ученика.

«Этот праздник руководство проводит уже несколько лет, с 2000 года, как школа получила статус гимназии. Обычно в этот день проходит праздничная программа. Ученики старших классов поют песни и рассказывают стихи», — рассказывает Асанов.

Классный руководитель пятого класса Зарина Исхакова поясняет, что самым важным в празднике является обещание, которое дают ученики публично.

«На мероприятии пятиклассники больше являются гостями. Они дают клятву в хорошей учебе, работе в коллективе, а также не подводить родителей, учителей и осваивать науки», — говорит Исхакова.

По ее словам, в 2016 году перевод в классы с углубленном изучением предметов и дополнительной нагрузкой была добровольной. С начала года каждый пятиклассник самостоятельно мог выбрать обучаться либо в гимназическом классе, либо по общеобразовательному стандарту.

«В этом году получается деление было почти ровное — 31 человек пошли в классы гимназии, а 36 в классы общеобразовательной программы», — дополнила преподаватель.

Автор: Ууржан Молдокулов.

Сарбандын биринчи көчөлөрүнүн тарыхы

img_4735

Сарбан айылынын тургуну Руслан Сурахманов Жал медиа борборунун корреспонденттерине тууган айылынын алгачкы көчөлөрү жөнүндө айтып берди.

«Кыргыздардын солто, сарыбагыш, бугу, сору, кушчу деген уруулары болгон. Бул уруулардын жашаган жери ар башка: солто — Чүйдө, сарыбагыш – Кеминде, бугу Көлдө болсо, сору жана кушчу дагы Таласта жайгашкан. Бирок азыркы убакта уруулар бири-бири менен аралашып кетишкен. Мисалы, сарбан уруусу солтодон тараган.

Солтонун үч баласы болгон: биринчи баласы – Күнту, экинчиси – Култу,  үчүнчү баласы – Чаа. Сарбан деген солтонун биринчи баласы, Күнтунун небереси. Сарбандар азыркы Сарбан айылына көчүп келип отурукташа баштайт, бирок Сарбандын канчанчы жылы келгени белгисиз жана ал жөнүндө так маалымат жок.

Азыр Сарбан айылында Сарбандын тукуму жана башка уруулар жашашат. Сарбан айылында 300гө жакын үй жана 2000 тегерегиндеги адамдар жашашат. Азыркы убакытта дагы көптөгөн үйлөр салынып жатат.

Сарбан айылында мурда үч эле узун көчө болчу. Алар: “40 лет”, “Карасуйский”, “Средний”. “Карасуйский” көчөсү менен “40 лет” көчөсү чет жакта, “Средний” көчөсү ортодо жайгашчу. Ошондуктан эки көчөнүн ортосундагы көчөнү “Средний” деп атап койгон.

img_4515

“40 лет” көчөсүн Советтер союзуна кырк жыл толгондугуна байланыштуу аташкан. “Карасуйский” көчөсүнөн булак менен аралашып аккан “Кара-Суу” деген чоң арык болчу, ошо арыктын атынан көчөнүн атын “Карасуйский” деп коюшат.

Бул арык дагы деле бар, бирок анда суу кээде гана агат. Азыркы убакта “40 лет” көчөсүнүн аты өзгөрүлүп, композитор, музыкант Эсенжан Ибраимов агайыбыздын атынан коюлган. “Карасуйский” көчөсү менен “Средний” көчөсүнүн аты ошо бойдон калды. Бул үч көчөдөн башка көчөлөр Советтер союзу курагандан кийин пайда боло башташкан”.

Даярдагандар: Сезим Муктарбек кызы, Асел Эркинбек кызы.

Кыргыз тил майрамы Жал айылынын мектебинде өткөрүлөт

Жал айылын мектебинде жыл сайын кыргыз тил майрамы өткөрүлөт. Кыргыз тил майрамына карата ар кандай иш чаралар даярдыктар болуп жатат.

20130101_140220

Кыргызстандын калкынын саясий активдүүлүгүнүн өсүшү, улуттук аң сезимин көтөрүлүшүн шартында Кыргызстандын Компартиясынын толук көзөмөлүнө турган Кыргыз ССР Жогорку Совети 1989-жылы 23-сентябрьда “Кыргыз тили” жөнүндө мыйзамды кабыл алган. Орус тили улуттардын тилдеринин тең укутуулугу жана эркин өнүгүшү камсыз кылынат деп белгиленет.

Кыргыз тилинин казынасы бай. Сүйлөө маданият жогору өнүккөн. Тилди сактоо дегенде өзү эң биринчи таза сүйлөө. Башка тилди талабына жараша өздөштүр, үйрөн. Ар бир тилди уникалдуу маданиятын, дүйнөкөрүмүн таанып билебиз.

Бүгүнкү күндө улуттук тил экономиканын, техниканын, маданияттын, адабияттын, илимдин, тарыхтын тили болуп кызмат кылышы зарыл. Ал үчүн ар бирибиз эне тилибизди сүйүп, кадырлап, жогорку деңгээлге жеткирүүбүз зарыл.

Мектеп директору Султаналиева Динара Джолдошбековна-мектепте 27 жылдан бери иштеп келе жатам, ошогул убакыт ичинде ар бир жыл сайын Кырыгз тил майрамы өткөрүлөт.

“Тил майрамына карата 23-сеньтябрда атайын план ишмерчемдер бюнча даярдыктар көрүлүдө ишмерчемдерде биздин мектепте усулдук бирикмелер бар усулдук бирикме кыргыз тил бирикмесине жүктөлгөн бул тапшырма Султанкулова Нурзада Абдыразаковна Абельдиева Чынара Асановно. Уюштурулуч иштердин директордун орун басары Асанов Ырыскелди агай болуп баардыгы бирдикте даядык көрүп жатышат.

Иш чаралар ар кандай болот кеберки класстарда ата-энелердин катышуусу менен класстык сааттар өткөрүлөт кебир жерлерде паралель боюнча майрамдык класстык сааттар өтөт. Тарыхына кайрылсак 1989-жылы 23-сеньтябырда кыргыз тили жөнүндө мыйзам кабыл алынган. Себеби бул кыргыз тилин кыргыз калкы жоготпой тилдин жок болбошуна байланыштуу ушул мыйзам кабыл алынган.

Орус тили да улуттар арлык катнаштын тили катары таанылып азыркы кунгө чейин бири-бирибиз менен орус тилинде дагы баарлашып жүрөбүз тилибиз тең уккукту жана эркин өнүгүштүү камсыз кылат.Сүйлөө маданиятыбыз жогоруласын деп тилди сактоо эң биринчи максат кыргыз тилин сактап калуу үчүн биз ушул ишчара аркылуу тарбия берип жатабыз”, — деди ал.

Мугалими Чынара Абелдиева кыргыз тил сабагын орусс класстарга өтөт, анткени орусс кластардагы кыргыз тил сабагын билиш керек.

“Кыргыз тил майрамына карата мектепте ар кандай иш чаралар өткөрүлөт.Быйылкы жылда иш-чаралар дагы өткөүлгөн. Даярдыктар болуп жатат. Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгына карата Виктарина адабий кечеси уюштурулат.

Биздин ата-бабаларырыбыз кылымдын кылымга өткөрүп берген,кыргыз тилдин улуулугун сулуулугун сыйлап,кийинки жаштарга жашыныкай үлгүү жана тарбия менен өткөрүп беришибиз керек. Кыргыз тилдин тарыхы биз буга чейин 74жыл бою изилдеп 1989-жылы 23-сеньтябрда тилибизди мамлекеттик тил деп ошол мыйзамды кабыл алганбыз”, — өз оюн толуктап кетти.

Тамара Биримкулова 21 жылдан бери мектепте тарыхчы болуп иштейт, 23-сентябрьга карата иш чара даярдык кылып жатат.
“Кыргыз тил күнүнө карата 9а классынын окуучулары менен бирдикте музыкалык адабий-кече өткөрүлгөнүтурат. Тил майрамы эмнеси менен кызык десем …

Тил күнүнө карата баардык окуучулар ар кандай иш- чараларга, виктариналарга, катышышытбул. Бул баардыгына кызык болсо керек. Бул майрамды өз тилибизди өркүндөтуш үчүн өткөрөбүз. Жыл сайын белгилеп өнүктүрүп , өстүрөбүз деп ойлойм.Жыл сайын белгилесек элдин эсинде сакталып калат”, — оюн билдирди.

Айтурган Өмүрбекова адабий тилдеги китептерди окууганды жакшы көрөт.

“Курманжан Датканын рольун ойнойм. Кыргыз тилин унутулгуз кымбат экенин айтам. Анткени кыргыз тили жөнүндө бир жылда бир жолу болсо да майрам катары кабыл алып унутпашызбыз керек! Өз эне тилибизди унутпайлы”, — деди ал.

Урмат Рысбеков 9 класстын окуучусу кыргыз тили майрамын абдан жакшы көрөт, анткени 5-чи классынан бери Манас айтып келе жатат.

“Мен Манастын сөзүн айтып Манастын рольун аткарам. Анткени Манастыкыргыз эли ильгертеден бери айтып келе жатышат. Алкыргыз тил майрамы өзүнүн унутулбас сөз байлыгы менен кызык”, — деп айты.

Даярдаган: Ууржан Молдокулов, Дастан Джаркымбаев.