Эсте калган элес.

20150531_173622Биз сыймыктанган ардактуу согуштун ардагерлеринин кылган эрдигинин элеси эсте калыш үчүн Жал айылында Улуу Жеништин урматына арналган эстелик 2005- жылы тургузулган. Ар дайым айыл тургундары эстелике аяр мамиле жасашат жана мектеп окуучулары тегерегин тазалап турушат.
Бул тууралуу кененирээк маалымат алуу үчүн мурдагы айыл өкмөтү: Салмоорбек Бейшеналиевичке кайрылдык: » Улуу Жеништин 55 жылдыгында айыл өкмөтүнүн демилгеси менен «Эне уулун күтүп жатат» деген мааниде эстелик тургузганбыз, эстелик элдин купулуна толбой калып, анын үстүнө биздин айылдан канча жоокер согушка аттанганынын, аты жөндөрүнүн так маалыматтары жок болчу, ошондуктан эстеликти бузууга туура келди. Кийин Жеништин 60жылдыгында эл менен жаңы эстелик тургузууну чечтик, эстеликтин курулушуна сарптала турган каражаты өз чөнтөгумөн чыгардым айыл тургундарынанда кошумча жардам болду. Согушка кеткен жоокерлердин аты жөнүн айыл аксакалдарынан сурап ташка тизмеси чегилген символдук ушул эстелик тургузулган.

Азыркы айыл өкмөтү Бейшенова Аида 2016-жылы эстеликти кошумча жаңылоо киргизебиз деп турабыз дейт.

kloop.kg журналистика мектебинин сынагына катышуу учун.

Кубанычбек уулу Азамат, Аптабалиева Зинат.

      Z0000085 - My Recording

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *