«Алтын уя»

      Z0000073 - My Recording
      Z0000088 - My Recording

Жал айылынын чыгаан уулдарынын арасынан суурулуп чыккан Кыргыз СССРинин эмгек синирген артисти, Кыргыз мамлекеттик Эмгек» Кызыл Туу ордендин ээси Мамбет
Асанбаев 1939-жылы туулган. Актердун бала кундөн жүрөгүндө асыл тилеги боло турган. Ал өзү окуган мектептеги көркөм чыгармачылыктарына активдүү катышып, артистике дилгири бар бала  М.Рыскулов, С.Жаманов ойногон ролдордуу көрүп, ошолордой артист болууну дегдеген. Орто мектепти аяктаган соң, Ташкенттеги А.Н. Островский атындагы театрда окуп келген. Кыргыз киностудиясында бир жыл чамалуу иштеп, Мамбет Асанбаев кийин академиялык драма театрына артист болуп кабыл алынган. Артистин театр сахнасында ойногон тунгуч ролу -Т.Абдымомуновдун «Абийир кечирбейт» аттуу спектакелинде каарман Масадыкты ачып берген.
Алтын уя кулуну театр искусствосу учун жумшаган өмүрүнүн ичинде Мамбет Асанбаев кыйла ролдорду ойногон. Актердун жараткан образдарынын арасында: В. Шекспирдин «Король Лир», «Ромео менен Жульетта»  спектакелдериндеги Эдмунд,Ромео. Т.Абдымомуновдун «Каркыралар кайтканда» аттуу спектакелиндеги Аман,

image

Ш.Садыбакасовдун «Ак боз ат» спектакелиндеги Думана, Ж.Сыдыковдун «Манастын уулу Семетей атту спектакелиндеги Кыргылчал,

image

Гогольдун » Өлүү жандар» аттуу спектакелинде Плюшкинди, Япониялык Акира Курасаванын «Дөнгөлөк добушундагы турмуш» спектакелинде Архитектордун образын эл эстеп калаарлык денгээлде жараткан.
Таланттуу актер 1964-жылы Георгий Тушкандын романы боюнча «Жоро» кинофильмине тартылып,  кино республикалык жана Союздук экранга чыгып,журт тарабынан жылуу кабыл алынган, бир катар мамлекеттерге да көрсөтүлгөн. Мамбет Асанбаев мына ошол «Жоро»  фильминдеги башкы каарман Жоронун ролун аткаруу

image

мен.элге кенири таанылган. Жалпы элдин суймөнчүлүгүно ээ болгон «Жоро»  фильми Алма-Атада өткөн кинофестивальда  «Эркектин ролун мыкты ойногондугу үчүн» деген номинацияда байгеге ээ болгон.
Артистин чыгармачылыгы бир гана театр, кинолордо рол жаратуу менен чектелбестен, көптөгөн фильмдерди кыргызча суйлөөтүүгө да катышкан.
Мамбет Асановдун  жубайы 73 жаштагы Жумагул Куралиева буларды айтып эскерип
өттү.

image

Жолдошум Мамбет экөөбүз 46 жыл өмур сурдук. Ал аябай эмгекчил эле. Ортобузда уч уул, беш неберебиз  бар,алардын баардыгы жогоркуу билимдүү. Мамбет аганар сүротчү да болчу, үйдүн чекесиндеги оймо чиймелерди да өзү чийген. Ушу биз жашаган үйдү да өз колу менен салган дейт.
Керимкулова Канышай апа талантуу актёр тууралу айтып берди

image

Биздин айылдын сыймыгы да бул Мамбет Асанбаев. Жетимишинчи жылдары мексикалыктардын «Зоро» аттуу киносун кандай кубалап ээрчип жүрүп көрүшсө, алтымышынчы жылдары «Жоро» кинофильмин дал ошондой ээрчип, эңсеп күтүп жүрүп көргөнүбүз эсте. Жоронун ролун артистик жөндөмү менен айкалыштыра ойногондуктан актёр элге таанымал болду. Артистин  Кыргыз маданиятына кошкон салымы чон.
Көөнөрбөс, таланты таш жарган актер 2009-жылы 2-январда  катуу оорудан көз жумган. Анын сөөгү Жал айылынын чекесиндеги мүрзөөгө коюлган.

Даярдагандар: Жаркынбаев Дастан, Кубанычбек уулу Азамат.

КЛООПтун журналистика мектебине катышуу үчүн

сынакка.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *