Р.Мамыралиев мектебинин окуучулары Республикалык математика олимпиадасында ийгилике жетишишти.

Балдардын республикалык инженердик-техникалык «Алтын түйүн» академиясы тарабынан,  республикалык денгээлде 3-8-класстар арасында математика боюнча олимпиада өткөрүлдү.

image

Жыл сайын аталган академия жаш жеткинчектердин билимин өнүктүрүү үчүн  10 жылдан бери өткөрүлүп келет. Буга чейин сырттан республикалык математикалык олимпиада
болуп өткөрүлсө, быйыл атайын теориялык жана практика жүзүндө өткөрүлдү. Республиканын баардык
областарынан 1270 окуучулар катышып, алардын ичинен 37 окуучу тандалып олимпиадада математика боюнча күч сынашышты.
Рустамбек Мамыралиев атындагы гимназия мектебинен да 3 окуучу катышып, ийгилик менен келишти. Анын бири 8в-классынын окуучусу олимпиадада 1-орунга ээ болгон Мамбетов Каныбекти сөзгө тартык.

image

Өз сөзүндө  сынак жакшы өттү.  Тапшырмалары  көбүн чечтим, олимпиадага үчүнчү жолу катышып жатам, буга чейин 6-классымда 1орунга алгам, анан 2 жолу сертификат ээ болгом дейт.

Ушундай эле  Улуу Жеништин 70 жылдыгына карата балдардын сүрөт тартуу чеберчилигин да  сынашты.Эч ким, эч качан унутулбайт» деген лозунг менен сүрөтүн
аталган мектептин 5в-классынын окуучусу олимпиадада 2 орундун ээси
Мидинова Нуржамал да катышып буларды айтып өттү.

image

Мен бул жака 4-классыман бери катышып атам, анда 3 орунга татыгам. Тапшырмалардын  баарын аткарганга аракет кылдым бирок кыйынчылыктар да болбой койгон жок,  ошондой эле сүрөт тартып жатам дейт.

Окуучуларды сынакка даярдап жүргөн мектеп мугалими Эрмат агай да суйунуч менен сүйлөп кетти.
Окуучуларым абдан татыктуу.
Атайдан да үмүтүм чон эле актады. Ийримге катышыпли жатканына аз эле болсо дагы.
Нуржамал менен Каныбектин  ийгилиги да мени сүйүндүрөт, буга чейинки  ийгиликтерибиз да көп, дагы өсүп өнүштөрүн каалайм.
Ушул эле мектептин дагы бир экинчи орундун ээси 4в классынын окуучусу Асанбаев Атайдын апасы да баласын ийгилиги жөнүндө айтып берди.
Атай Эрмат агайдын ийримине бир жарым жылдан бери катышып жүрөт. Ошо агайынын эмгеги менен ушундай ийгилике жетишип экинчи орунду алып атат. Азыр абдан кубанычтабыз,уюштуруучуларга рахмат. Дайым балдарыбыз жакшы орундарды алып, ийгиликтерге жетишишсин деп айтты.
Биздин мектептин окуучулары ар дайым ийгиликтерди жетишип  жүрө беришин каалайбыз!
Даярдагандар: Аптабалиева Зинат, Кубанычбек уулу Азамат.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *