Р.Мамыралиев мектебинин окуучулары Республикалык математика олимпиадасында ийгилике жетишишти.

Балдардын республикалык инженердик-техникалык «Алтын түйүн» академиясы тарабынан,  республикалык денгээлде 3-8-класстар арасында математика боюнча олимпиада өткөрүлдү.

image

Жыл сайын аталган академия жаш жеткинчектердин билимин өнүктүрүү үчүн  10 жылдан бери өткөрүлүп келет. Буга чейин сырттан республикалык математикалык олимпиада
болуп өткөрүлсө, быйыл атайын теориялык жана практика жүзүндө өткөрүлдү. Республиканын баардык
областарынан 1270 окуучулар катышып, алардын ичинен 37 окуучу тандалып олимпиадада математика боюнча күч сынашышты.
Рустамбек Мамыралиев атындагы гимназия мектебинен да 3 окуучу катышып, ийгилик менен келишти. Анын бири 8в-классынын окуучусу олимпиадада 1-орунга ээ болгон Мамбетов Каныбекти сөзгө тартык.

image

Өз сөзүндө  сынак жакшы өттү.  Тапшырмалары  көбүн чечтим, олимпиадага үчүнчү жолу катышып жатам, буга чейин 6-классымда 1орунга алгам, анан 2 жолу сертификат ээ болгом дейт.

Ушундай эле  Улуу Жеништин 70 жылдыгына карата балдардын сүрөт тартуу чеберчилигин да  сынашты.Эч ким, эч качан унутулбайт» деген лозунг менен сүрөтүн
аталган мектептин 5в-классынын окуучусу олимпиадада 2 орундун ээси
Мидинова Нуржамал да катышып буларды айтып өттү.

image

Мен бул жака 4-классыман бери катышып атам, анда 3 орунга татыгам. Тапшырмалардын  баарын аткарганга аракет кылдым бирок кыйынчылыктар да болбой койгон жок,  ошондой эле сүрөт тартып жатам дейт.

Окуучуларды сынакка даярдап жүргөн мектеп мугалими Эрмат агай да суйунуч менен сүйлөп кетти.
Окуучуларым абдан татыктуу.
Атайдан да үмүтүм чон эле актады. Ийримге катышыпли жатканына аз эле болсо дагы.
Нуржамал менен Каныбектин  ийгилиги да мени сүйүндүрөт, буга чейинки  ийгиликтерибиз да көп, дагы өсүп өнүштөрүн каалайм.
Ушул эле мектептин дагы бир экинчи орундун ээси 4в классынын окуучусу Асанбаев Атайдын апасы да баласын ийгилиги жөнүндө айтып берди.
Атай Эрмат агайдын ийримине бир жарым жылдан бери катышып жүрөт. Ошо агайынын эмгеги менен ушундай ийгилике жетишип экинчи орунду алып атат. Азыр абдан кубанычтабыз,уюштуруучуларга рахмат. Дайым балдарыбыз жакшы орундарды алып, ийгиликтерге жетишишсин деп айтты.
Биздин мектептин окуучулары ар дайым ийгиликтерди жетишип  жүрө беришин каалайбыз!
Даярдагандар: Аптабалиева Зинат, Кубанычбек уулу Азамат.

Балдар күлкүсү — ар дайым жанырып турсун.

Ар бир бала  бактылуу балалыка татыктуу. Буга ылайык Жал айылынын Р.Мамыралиев атындагы гимназия  мектеп  жааматы  1-июнь балдарды коргоо күнүно карата  майрамдык иш чара уюштурду.  Майрамда  бөбөктөргө  арналып чакан ыр, бий концерти коюлду. Андан соң балмуздак таратылды.  Балдардын майрамындагы иш чарага  Жал2 айылдык ден соолук комитетинин төрайымы:
Галина Петровна демөөрчүлүк кылган.
Ушундай эле балдар үчүн майрам тартуулоону Жал айылында жаңы ачылып жаткан «Нагима» кайрымдуулук фонду  уюштурган.  Майрамга аярлуу катмардагы балдары жана кичине бөбөктөр, талантуу балдар, ата-энелер чакырылган. Балдар үчүн концерт тартууланып, балмуздак, момпосуйлар таркатылды.

image

image

Өткөн майрамдык иш чарага ата-энелер да ыраазы болушту.
Бул фондко атайын айыл өкмөтү тарабынан имарат берилип, «Нагима» калыптануу борбору ачылмакчы. Бул жерге жайкы каникулда балдар келип ар кандай ийримдерге катыша алышат.
Кенениреек  «Нагима» кайрымдуулук фондунун жетекчиси: Латипа Жуманалиева буларды айтып берип балдарга каалосун билдирди.
image

Даярдаган: Аптабалиева Зинат, Кубаннычбек уулу Азамат.

Эсте калган элес.

20150531_173622Биз сыймыктанган ардактуу согуштун ардагерлеринин кылган эрдигинин элеси эсте калыш үчүн Жал айылында Улуу Жеништин урматына арналган эстелик 2005- жылы тургузулган. Ар дайым айыл тургундары эстелике аяр мамиле жасашат жана мектеп окуучулары тегерегин тазалап турушат.
Бул тууралуу кененирээк маалымат алуу үчүн мурдагы айыл өкмөтү: Салмоорбек Бейшеналиевичке кайрылдык: » Улуу Жеништин 55 жылдыгында айыл өкмөтүнүн демилгеси менен «Эне уулун күтүп жатат» деген мааниде эстелик тургузганбыз, эстелик элдин купулуна толбой калып, анын үстүнө биздин айылдан канча жоокер согушка аттанганынын, аты жөндөрүнүн так маалыматтары жок болчу, ошондуктан эстеликти бузууга туура келди. Кийин Жеништин 60жылдыгында эл менен жаңы эстелик тургузууну чечтик, эстеликтин курулушуна сарптала турган каражаты өз чөнтөгумөн чыгардым айыл тургундарынанда кошумча жардам болду. Согушка кеткен жоокерлердин аты жөнүн айыл аксакалдарынан сурап ташка тизмеси чегилген символдук ушул эстелик тургузулган.

Азыркы айыл өкмөтү Бейшенова Аида 2016-жылы эстеликти кошумча жаңылоо киргизебиз деп турабыз дейт.

kloop.kg журналистика мектебинин сынагына катышуу учун.

Кубанычбек уулу Азамат, Аптабалиева Зинат.

      Z0000085 - My Recording

«Алтын уя»

      Z0000073 - My Recording
      Z0000088 - My Recording

Жал айылынын чыгаан уулдарынын арасынан суурулуп чыккан Кыргыз СССРинин эмгек синирген артисти, Кыргыз мамлекеттик Эмгек» Кызыл Туу ордендин ээси Мамбет
Асанбаев 1939-жылы туулган. Актердун бала кундөн жүрөгүндө асыл тилеги боло турган. Ал өзү окуган мектептеги көркөм чыгармачылыктарына активдүү катышып, артистике дилгири бар бала  М.Рыскулов, С.Жаманов ойногон ролдордуу көрүп, ошолордой артист болууну дегдеген. Орто мектепти аяктаган соң, Ташкенттеги А.Н. Островский атындагы театрда окуп келген. Кыргыз киностудиясында бир жыл чамалуу иштеп, Мамбет Асанбаев кийин академиялык драма театрына артист болуп кабыл алынган. Артистин театр сахнасында ойногон тунгуч ролу -Т.Абдымомуновдун «Абийир кечирбейт» аттуу спектакелинде каарман Масадыкты ачып берген.
Алтын уя кулуну театр искусствосу учун жумшаган өмүрүнүн ичинде Мамбет Асанбаев кыйла ролдорду ойногон. Актердун жараткан образдарынын арасында: В. Шекспирдин «Король Лир», «Ромео менен Жульетта»  спектакелдериндеги Эдмунд,Ромео. Т.Абдымомуновдун «Каркыралар кайтканда» аттуу спектакелиндеги Аман,

image

Ш.Садыбакасовдун «Ак боз ат» спектакелиндеги Думана, Ж.Сыдыковдун «Манастын уулу Семетей атту спектакелиндеги Кыргылчал,

image

Гогольдун » Өлүү жандар» аттуу спектакелинде Плюшкинди, Япониялык Акира Курасаванын «Дөнгөлөк добушундагы турмуш» спектакелинде Архитектордун образын эл эстеп калаарлык денгээлде жараткан.
Таланттуу актер 1964-жылы Георгий Тушкандын романы боюнча «Жоро» кинофильмине тартылып,  кино республикалык жана Союздук экранга чыгып,журт тарабынан жылуу кабыл алынган, бир катар мамлекеттерге да көрсөтүлгөн. Мамбет Асанбаев мына ошол «Жоро»  фильминдеги башкы каарман Жоронун ролун аткаруу

image

мен.элге кенири таанылган. Жалпы элдин суймөнчүлүгүно ээ болгон «Жоро»  фильми Алма-Атада өткөн кинофестивальда  «Эркектин ролун мыкты ойногондугу үчүн» деген номинацияда байгеге ээ болгон.
Артистин чыгармачылыгы бир гана театр, кинолордо рол жаратуу менен чектелбестен, көптөгөн фильмдерди кыргызча суйлөөтүүгө да катышкан.
Мамбет Асановдун  жубайы 73 жаштагы Жумагул Куралиева буларды айтып эскерип
өттү.

image

Жолдошум Мамбет экөөбүз 46 жыл өмур сурдук. Ал аябай эмгекчил эле. Ортобузда уч уул, беш неберебиз  бар,алардын баардыгы жогоркуу билимдүү. Мамбет аганар сүротчү да болчу, үйдүн чекесиндеги оймо чиймелерди да өзү чийген. Ушу биз жашаган үйдү да өз колу менен салган дейт.
Керимкулова Канышай апа талантуу актёр тууралу айтып берди

image

Биздин айылдын сыймыгы да бул Мамбет Асанбаев. Жетимишинчи жылдары мексикалыктардын «Зоро» аттуу киносун кандай кубалап ээрчип жүрүп көрүшсө, алтымышынчы жылдары «Жоро» кинофильмин дал ошондой ээрчип, эңсеп күтүп жүрүп көргөнүбүз эсте. Жоронун ролун артистик жөндөмү менен айкалыштыра ойногондуктан актёр элге таанымал болду. Артистин  Кыргыз маданиятына кошкон салымы чон.
Көөнөрбөс, таланты таш жарган актер 2009-жылы 2-январда  катуу оорудан көз жумган. Анын сөөгү Жал айылынын чекесиндеги мүрзөөгө коюлган.

Даярдагандар: Жаркынбаев Дастан, Кубанычбек уулу Азамат.

КЛООПтун журналистика мектебине катышуу үчүн

сынакка.

Проблема свалки в селе Джал все еще не решается

IMG_20150606_022233Ранее журналисты ОМЦ Джал-Достук публиковали новость о проблеме с свалкой в селе Джал. Мы опросили местных жителей по поводу проблем свалки и вреда который наносит окружающей среде.
ГСВ села Джал Куланбаева Турдукан рассказала следущее:
«Люди проходя мимо дышут загразненым воздухом и приносят болезни домой. Надо немедленно устранять причину всех болезней то есть свалку мусора.»
Напомним то что мусор разошелся вплоть до самой улицы Шаршенова и никто не устраняет эту проблему.
wpid-img_20150606_022233.jpg
жительница села Эсенбаева Элиза ответила на наши вопросы следующими словами:
» Свалка была 12 лет тому назад когда я приехала невестой в село. Летом сквозь открытые окна просачивается вонь, дети болеют. Мы обрашались к Сельсовету но они сказали что это не их земля и не они отвечает за ее чистоту»-сказала она.

Журналистам ОМЦ так и не удалось выяснить кто владелец земли а пока запах все еще крадется в соседние дома и загрязняет воздух.

Журналист: Болотбеков Калыйнур-Улан. Монтаж — печать: Акылбеков Алмазбек.
Специально для конкурса на участие в школе журналистики kloop.kg.

      fnf

wpid-20150530_113044-1.jpg

«Сары-Өзөн Чолпондору» 2015

20-майда Сокулук районунда «Сары-Өзөн чолпондору»  фестиваль сынагына жыйынтыктоо майрамы маданият үйүндө өткөрүлдү.

image

Сокулуктун акими Кенжебаев А.К. фестиваль сынактын өзу ачып берди.
Өз сөзүндө областан келген калыстарга биздин Сокулуктун балдары эң жакшы,эң сулуу,эң таланттуу деп белгилеп отту. Ошондой эле мугалимдерге,ийримдин жетекчилерине,хореографтарга,директорлорго жана ата-энелерге ыраазычылыгын билдирди.

Сокулук районунун билим беруу бөлумунун башчысы: Кубанычбек Эмилбеков биздин кыскача суроолорго жооп берди.

image

Бул жерде катышкан окуучулардын саны 200гө жетет. Даярдык жыл бою жүрдү себеби мектептерде ар түрдүү ийримдер иштейт. Ийримдерге катышкан таланттуу окуучуларды алып чыгып обласстын кароо сынакка катыштырып жатабыз.

Фестивальда мектеп окуучуларынын колунан жаралган көргөзмө уюштурулуп, көрүүчүүлордүн купулуна толду.
Бул сынака райондун мектептеринин окуучулары жана бала бакчалардын тарбиялануучулары катыша алышты.

image

Иш чарага биздин Жал айылынын бала бакчасы жана мектеп окуучуларынын эмгектери коюлду.

image

image

Кийинки маектешүүбүздө Рустөмбек Мамыралиев атындагы гимназия мектебинин эмгек мугалими   Экишова Кундуз Мурсалиевна буларды айтып берди:

image

Коргозмого «Чебер колдор»,»Бермет таш»,»Мастера»,»Своими руками»,»Торцевания»ийримдери катышты. Сынакта озгочо Жаныбек кызы Алтынайдын «Апама гүл десте «деген темада кинусайка техникасында жасалган суроту калыстардын көңүлүн бурду жана кийинки көргөзмөгө отту. Ошондой эле биздин мектептин «Үмүт»бий тобу дагы бир ирээт лауреат деген наамга ээ болушту.

image

image

Даярдагандар: Кубанычбек уулу Азамат, жаркынбаев Дастан,
Эркинбеков Адилет, Болотбеков Улан.

Р.Мамыралиев мектебинин окуучулары КМЮАдан ийгилике жетишишти.

image

Кыргыз мамилекеттик юридикалык академиясы тарабынан, Жеңиштин-70 жылдыгына арналган Бишкек шаарындагы жана Чүй областындагы мектептердеги 11-класстар арасында сынак жарыяланган. Рүстөмбек.Мамыралиев атындагы гимназия орто мектебинин жаш директору Султаналиева Динара Жолдошбековнанын  демилгеси менен аталган мектептин окуучулары катышып, ийгилик менен келишти. Окуучуларды Актердук чеберчилик ийриминин жетекчиси Орозбекова Дамира Жумабековна даярдаган. Ч.Айтматовдун «Саманчынын жолу» чыгармасынан үзүндү ойноп «Толгонай, Жер Эне,  Майсалбектин» образдарын мыкты деңгээлде аткарышып залдагы көрүүчүлөрдүн купулуна толушту. «Катюша» аттуу ырды жандуу үн менен  мыкты аткарышты. Сынактын жыйынтыгында Р.Мамыралиев атындагы гимназия орто мектеби 1-орунга ээ болушту!  Ошону менен бирге сынака катышкан 11- класстын окуучулары:  Алымкулов Азиз, Авазбекова Кундуз, Асанбанва Алина,Гончарова Мария, Гончаров Антон КМЮАнын студенти деген сертифмкатка ээ болушту! Даярдаган мугалим Орозбекова Дамира эжеге жана мектеп атына сынакка активдүү катышкандыгы үчүн ыраазысылык каттарын тапшырышты. Ал эми КМЮАнын Жеңиштин- 70 жылдыгына арналган 4- майда болуп өтө турган иш чарага жеңүүчүлөрүбүз катышып  баалуу белектер менен  сыйланышмакчы. Окурмандардын атынан сиздерди куттуктайбыз! Дагы далай ийгиликтерди жарата бериңиздер!

Даярдагандар:Кубанычбек уулу Азамат, Жаркынбаев Дастан

Жамааттык мультимедия борборлорунун(ЖМБ) кызматкерлерине 13-14-күндөрү семинар өткөрүлүп жатат

 

Бишкекте (ЖМБ) кабарчылары мобилдик колдонмолордо  кантип иштөөнү үйрөтүүдө.Тренинге Кыргызстандын Талас, Чүй, Нарын, жана Ысык-Көл областарынан 20 кабарчы келген.

image

Элмурат Аширалиев kloop медиа фондунда кызмат кылып келет. Семинардын максаты Кыргызстандын аймактарынан келген (ЖМБ) кызматкерлерине телефондон мобилдик колдонмолордон кантип издеп таап телефондорго орнотуп алар менен иштөөнү үйрөтүү.
Бул тренингди Германиянын Фредрих Эберт (Friedrich Ebert) фонду каржылайт.

image

Тренинг абдан кызыктуу өтүп жатат. Бул тренингде мен көптөгөн жаңы маалыматтар менн таанышым. Жана билимимди тереңтетүүгө умтулам «деди Бекболот Рахатбеков»

 

Даярдаган Кубанычбек у Азамат

Представитель ПРООН посетила село Джал.

6 ноября 2014 года помощник генерального секретаря ООН, директор регионального бюро по странам европы и СНГ госпожа Джихан Султаноглу была гостем в Орокском айылном округе. Она посетила местный айыл окмоту, ГСВ села Джал где с помощью финансирования ПРООН был открыт Физиотерапевтический кабинет. Далее она осмотрела мультимедийный центр который на данный момент находится в здании Средней школы гимназии Р. Мамыралиева. Госпожа Султаноглу познакомилась с главой Орокского айылного округа, директором школы и с журналистами ОМЦ. Дала Ребятам интервью где рассказала о своих впечатлениях, поделилась с идеями будущих проектов в Кыргызстане. Джихан Султаноглу прощаясь пожелала удачи молодым журналистам Мультимедийного центра.20141106_17261720141106_17520720141106_180807

Акция «мы — против СПИДа»

1 декабря 2014 года ученики СШГ им.Р. Мамыралиева села Джал Сокулукского района провели акцию под названием «Мы против СПИДа». Эта акция была приурочена к всемирному дню борьбы со СПИДом. Ученики приготовили лозунги, плакаты, макеты из бумаги и чучело которое олицетворяет СПИД. На этой акции ученики услышали много информации о СПИДе и о других вредных привычках. Кульминационным моментом было то что ученики сожгли бумажное чучело которое сами заранее приготовили к акции

20141201_122323

 

20141201_122338

20141201_123252

Подготовили: Ырыскелди Асанов, Акылбеков Алмаз, Кубанычбек уулу Азамат.