Бүткүл дүйнөлүк тазалык акциясы

21- сентябрь Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнө карата өткөрүлгөн акцияга Рустамбек Мамыралиев атындагы мектеп- гимназиясынын окуучулары жана мугалимдери активдүү катышты.

Даярдаган: Ууржан Молдокулов

«Билим алып ыйык колунан, даанышман да мугалимден окуган»

Сокулук райондук маданият үйүндө Мамлекеттик тил күнүнүн 30 жылдыгына карата өткөрүлгөн иш-чара. Салтанатту иш-чарага КР Билим берүү министирлигинен, Мамлекеттик тил боюнча комиссиянын өкүлү , областтык усулкана адиси чакырылган.

Молдалиева Максат Сокулук райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчисинин милдетин аткаруучу-

«Улуттук өзгөчөлүктөр- маданий мурас дегендей» бүгүнкү өтүп жаткан Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзамын ишке ашырууда, окутууда, өнүктүрүүдө районубуздун кыргыз тилчи мугалимдеринин эне тилин билүүгө түрткү берген көрсөткүчтөрүнүн бири. «Улут болсом, тилим менен улутмун» деп айтылуу акын Э.Ибраев ырында жазган. Тил аркылуу дүйнө таанууга, башка улуттардын тилин, маданияттын, салт- санаасын билүүгө болот. Сиздерди дагы бир жолу Мамлекеттик тил мыйзамынын 30жылдык майрамы менен куттуктайм»- деди өзүнүн сөзүндө

Алмаз Сүйүндүков Чүй облустук усулдук билим берүү  бөлүмүнүн адиси-

Бүгункү күнү Сокулук районунун маданият үйүндө Кыргыз мамлекеттик тилинин 30 жылдыгына арналган жакшы маареке болуп өттү. Бул күндө баардык Кыргызстандын эли, ушул кыргыз тилин өнүктүрүүдө өзгөчө мугалимдер жана райондун билим берүү бөлүмү да чон салымын кошууда. Сокулук районунун мугалимдерине тилди өнүктурүдө кошкон салымдары үчүн жетекчиликтин атынан ардак грамоталарды тапшырдык. Бардыгыңыздарды майрам менен куттуктап, төмөнкү ыр саптарды арнап кетейин:

Кырыгыз эли эне сүтүн актайлы,

Колдон келсе, болушунча барктайлы.

Бөтөнчөлөп көп улуттун тилинен,

Бүт дүйнөгө кыргыз тилин даңкталы.” – деп айтты

 

Сезим Каныбековна КРнын президентине караштуу Мамлекттик улуттук тил комисиясынын жетектөөчү адиси-

Мен, бүгүн Сокулук районунда “Мамлекеттик тил” макамын алган улуу күнүнө карата өткөрүлгөн иш- чрага Мамлекттик тил боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы Назаркул Ишекеевдин атынан куттуктап келдим . Куттуктоодо Кыргызстандын көз карандысыздыгына карай жолубуз- эне тилибиздин сактап калуу кыймылы менен башталгандыгын, 30жыл мурда бул кыймыл зор коомдук күчкө жетип, кыргыз тилинин Мамлекеттик даражасын мыйзам түрүндө бекитүүгө жетишкендигибиз. Ар бир эл, улут үчүн өз эне тили ыйык жана касиеттүү. Анткени ал эненин сүтү менен келет. Ата- бабалардан, урпактардан кабыл алынган баа жеткис мурас. Азыркы тил кор болууга эмес, колдонууга муктаж. Биз бул тилекке сөзсүз жетебиз. Акыйкатта, Мамлекеттик тил боюнча саясаттын жүгөн- ноктоосу элдин колунда, ошондуктан ата-бабалардын кенч мурасын кийинки муундарга түгөнбөс жана бүтпөс мекенчиликтин башат булагынын көзу соолубасын.Өлкөбүзгө бакубатчылыкты, жергебизге ырыскылуу ынтымакты кааламакчымын деген каалоосун жолдодум»- деп айтып кетти.

Качкынбаева Алина Сокулук районунун билим жана илим профсоюзунун жетекчиси-

Сокулук районунда чоң майрамдык иш- чара өтүп жатат. Бул майрам кыргыз тилин мамлекеттик тил катары алынганын майрамдап отурабыз. Майрамга билим берүү мекемелериннин жетекчилери , кыргыз тилинин мугалимдери катышышты. Мугалим, мектеп жетекчилеринен тышкары дагы ардагер мугалимдер катышып отурашат. Мен бардыгыңыздарды тил мыйзамынын кабыл алынгандыгына 30- жыл толгон майрамы менен куттуктайм. Биз өстүрүп келеткан жаш муунадар кыргыз тилинде сүйлөөнү модага айландырып алышса деген тилектемин. Бул майрам жакшы деңгээлде өттү” деп өз оюн билдирди.

Керез Уметалиева  —

«Биздин бала-бакчада 6- топ бар, 3 топ кыргыз тилинде окуп үйрөтүлөт калган 3 топ орус тилинде окушат. Кыргыз топтордо көбүнчө орус, дунган улутунун балдары окуйт . Биздин балдар өзүбүздүн тилибизди сактап урматташын биз бакчадан баштап үйрөтүшүбүз керек. Кыргыз тилинин майрамы райондук деңгээлде өттү. Бул майрамда биздин бала- бакчанын балдары кыргыздын улуттук бийлерин билешти, ырларын ырдашты.»- деп оюн билдирди

 

Кенжебаева Таалайгул Жаңы- жер орто мектеп комплексинин кыргыз тили жана адабият мугалими-

Болуп өткөн иш- чарага районубуз чоң эмгек жумшап жатат десем жаңылышпайм, себеп кыргыз тилинин майрамынын 30- жылдыгына карата кесиптеш 35-45 жыл эмгек стажы бар ардагер мугалимдерибиз чакырылып алардын каалоо- тилектерин уктук. “Тил болбосо, улут болбойт эмеспи” андыктан мугалимдерге кааларым окуткан окуучулары Кыргыз мамлектине кызмат кылган. Кыргыз эли үчүн жанын аябаган, өзгөчө кыргыз тил жаатында зор салым кошкон инсандардан болушун. Мамлекттик тил күнүнүн 30 жылдыгына карата өткөрүлгөн иш- чарада райондун билим берүү бөлүмүндө иштеген адистерге ыраазычылык. Сейнебүбү Турдумамбетовнанын баштоосу менен астынкы кыргыз тилчи мугалимдер ушул иш- чараны жогорку денгээлде уюштуруп өткөрүштү”- деди ал.

Даярдаган: Динара Жолдошбековна

Жеке ишкердик бала бакча

Орок айыл өкмөтүнүн Жал айылында  Молдошовдордун жеке ишкердигиндеги  бала бакчасы тууралуу  09.09.2019 жылы волонтёрлорубуз жеринен барып маалыматты алып келишти .

Молдошова Майрамкүл тарбиячы-

“Саламаттыкты сактоо министирлигинин уруксааты боюнча бир балага 3,5 кв/м болуш керек. Биздин квадратура болжол менен 140 кв/м, ошондо бала бакчага 30 баланы кабыл алсак болот. Бала бакча ачалы деп жолдошум менен көп жылдан бери ойлоп келгенбиз, ойлогон максатыбыз ишке жетип, Жал айылында жеке бала бакчабыз  ачылышына даярдык көрүп  жатабыз. Биздин максатыбыз  кичинекей баладарга мээримибизди , сүйүүбүздү берип, көңүл буруп тарбиялаш. Мен өзүм кесибим боюнча филолог- педагогмун. Орус тил сабагынан мугалимин. 30 жыл эмгек стажымдын 15 жылы бала- бакчада эмгектендим. Бөбөктөрдү тарбиялоодо россиялык педагог Александр Зайцевдин жана Мария Монтессоринин ыкмаларын пайдаланып кыргыз тилинде » 1 үндү, 1 үнсүз тыбыштан» түзүлгөн ыкмага байланыштырып  иш алып баралы деген ойдомун. ”-деп оюн билдирип кетти.

Каныбек Молдошов Жал айылынын тургуну  —

“ Бала бакчаны ачууда үй- бүлөлүк ишибизди  ачканга жубайым Майрам экөөбүздүн көптөн бери алдыбызга максат койгон оюбуз эле. Үйүбүздү пландаштырып тургузууда  чоң көйгөй- бул  каражат маселеси болду. Себеби бала бакчага окшоштуруш үчүн атайын бөлмөлөрдү  жасалгалап даярдадым. Сиздер көрүп турган дубалдагы сүрөттөрдү  өз колум менен бөбөктөргө ылайыкташтырып тарттым. Бакчанын ачылганы айылдагы балалуу үй- бүлөлөргө жардам болот деп ойлойм, анткени бакчага балдарын берип өздөрү жумуш менен алектене алышат. Болжол менен бала бакчага ылайыташтырууда оңдоп  түзөө иштерине   100000 сомдон ашык каражат кетти”- деди ал.

Назгүл Чертикеева ата- эне —

“ Биздин Жал айылына көчүп келип Каныбек байке менен Майрам эжеге кошуна болуп жашаганыбызга беш жыл болду. Майрам эже биз көчүп келгенибизден бери эле бала бака ачсам деп айтып жүргөн. Эженин оюн угуп  аябай чоң жана керектүү иш баштап жатканын  түшүнүү менен колубуздан келген жардамыбызды бердик. ”- деп өз оюн айтты.

Венера Капышевна жеке ишкер –

» Жеке бала бакчалардын айыл жергесинде ачылышы азыркы учурда  өтө актуалдуу жана  пайдалуу, себеби өкмөттүн бала бакчалары айыл жергелирде көп эмес. Болсо да наристелердин бардыгын кабыл алууга мүмкүнчүлүктөрү  жок, анткени балдардын саны көп ошондуктан кээ бир учурда  жеке бала бакчалар айыл жергелеринде ачылышы ата- энелерге көп жактан жардамын берет. Жеке бакчаларга өз каалоолору менен  балдарын тарбиялоого берген да ата- энелер бар.”- дей айтты.

 

Дардагындар: Акбермет Алымкулова, Адилина Жанболот кызы

 

 

Айылыбыздын мектебинде оңдоо иштери жүрүп жатат

Сокулук районунун Рустамбек Мамыралиев атындагы мектеп-гимназиясына Орок айыл өкмөтүнөн оңдоо иштерине 200000сом акча каражат бөлүнгөн.

Даярдаган: Динара Султаналиева

Орок айыл өкмөтү тууралуу билесизби?

Даярдаган: Динара Султаналиева

Правильное питье воды — залог здоровья

Подготовили: Акбермет Алымкулова, Адилина Жанболотова

 

Жайкы эс алуу

Мамыралиев мектеп- гимназиясында окуучулардын жайкы лагери ишин аяктады.

Жумалиева Разима Р. Мамыралиев атындагы мектеп — гимназиясынын мугалими-

«Биздин мектепте 3-июндан тартып бүгүнкү күнгө чейин мектепте  жайкы лагерь уюшулган.  Жалпысынан балдардын саны 35 бала болду.  Окуучуларды 2- группага бөлдүк. Бул лагерде балдар менен ырдап, бийлеп кагаздан ар кандай фигураларды жазап мультфильм көрүп убактыбызды текке кетирбей өткөрдүк. Ошондой эле » Келгиле окуйлу» долбоорунун алкагында кызыктуу китептерди да окудук. АЙылдык ден-соолук комитетинин жетекчилери Нурбаева Жанылкан, Стутко Галина Петровна тарбынан жайкы лагердин балдарына майрам уюштурулуп белектер жана бал муздак таратылды.  Ошондой эле балдарды Сокулук айылындагы Дүйшөнкул Шопоковдун музейинине алып бардык. Жайкы лагерде башталгыч класстын мугалими Жибек Кунесовна экөөбүз  иш алып бардык.» деп өз оюн билдирди.

Окуучулар музейде экскурсия маалында.

Даярдаган: Турдакун Камчыбеков

Достук оюну

Орок айыл өкмөтүндөгү жаштарды биримдике чакыруу боюнча футбол турнири өткөрүлдү.

«Чүй Ордо» коомунун өкүлү Калыков  Нурбек:

“ Акыркы окуяларга байланыштуу «Чүй Ордо» коому ынтымакка чакырган турнир өткөзүп жатат. Бугун биз түрк бир туугандарыбызды бири-бирибизден кечирим суроо учун чакырдык. Жаш балдарыбыз менен түшүндүрүү иштерин жүргүздүк. Өз каталарын түшүнүштү деп ойлойм. Бугунку оюнга Орок айыл өкмөтүнүн Жал, Сарбан, Кашка- Баш, Орок, Селекция айылдарынан командалар келип футбол ойноп жатышат. Биз командаларды топ жана форма менен камсыздап бердик. Үч орунга байге коюлду. Биринчи орунга 15000 сом, экинчиге 10000 сом, үчүнчүгө 5000 сом.  Андан тышкары биздин милиция кызматкерлерине да ыраазычылык катары бир кой алып келдик.  Бүгүн оюн жакшы өтүп жатат. Биз жаштардын арасында ынтымак, тынчтык жаратуу өлкөбүз үчүн эң маанилү иштердин бири экенин айттык. Бүгүнкү уюштурган ынтыкмакка чакыруу турнирибиз өз максатына жетти деп ойлойм.” – деп өз оюн айтып кетти.

Орок айыл өкмөтүнүн башчысы Чоодуев Уран:

“ Бугунку оюндун максаты түрк бир туугандарыбыз менен ынтымакка келуу. «Чүй Ордо» коомунун өкүлү келип, баарыбыз биргеликте футбол боюнча турнир өткөрүп жатабыз.  Орок айыл өкмөтүнүн ичинен алты команда чыкты. Ортого байге коюлду. Оюн буюруса жакшы маанайда өтүп жатат. Эн негизгиси жаштарыбыз ынтымакка келишти. Биз учун кубанычтуу нерсе ошол. Элибизде тынчтык болсун.” – деп айтып кетти.

Өмүрбек уулу Бекжан окуучусу:

“ Бугун биздин айылда футбол боюнча турнир өттү. Биздин команда мектептин аттынан чыгып ойноду.  Оюнга орок айыл өкмөтүнөн 6 футбол командалары келип достук мелдеште ойношту.  Оюн жакшы өттү. Ушундай турнирлердин өтүп турушуна биз жаштар тилектешпиз.” – деди.

Даярдаган: Адилина Жанболотова

Төмөнкү Орок айылындагы окуя

Айт күнүндө 05.06.2019 Сокулук районунун Орок айыл өкмөтүнүн Төмөнкү Орок айылда болгон окуя.

Ашырбаева Чолпон Төмөнкү Орок айылынын тургуну-

Менин балам Жолдошбеков Равиль 5- июнда Айт намазга атасы байкелери достору менен кеткен. Мурун Айт намаз бүткөндөн кийин эле үйгө келчи. Мында көпкө жок болгондуктан сарсана болуп көчөгө чыккам. Көчөдөн карсам милиция кызматкерлери чогула баштаптыр.Ошол топ элдин арасына барсам уулумдун досун Тимур атту баланы сабап кетишиптир деди. Балам жанында жүргөндүктөн андан дагы чочуп сурагам. Көрсө менин да уулумду урушуптур. Азыркы учурда 3- Балдар ооруканасында дарыланууда.»- деп айтып кетти

Мурсалов Гуммет Төмөнкү айылыны тургуну-

«Мен 1957- Орок айылында төрөлгөм үч кыз бир уулдун атасымын. Сегиз неберем бар. Айылдын элин баарын жакшы көрөм, мени да жакшы көрүшөт. Жакын кошунам Алишер, Сейдалиева Тунук туугандай катышабыз. Кыргыз түрк деп улутка бөлүнбөй эле жашап келе атабыз. Жаш муундарга акылыбызды айтыш керек. Балдарымдын баары  Жалга барып окушкан. Жазуучу, акынмын 300дөн ашык ырым бар. Орус, кыргыз, түрк,  азербайджан тилинде жазам. Кечээ күнү түрк элдеринин улуу Айт майрамында 14-15 жаштагы балдар мушташат. Билбейм эмне үчүн? Эмне? талашып урушушат. Биз бул жакка өз ыктыярыбыз менен келген эмеспиз. 1944- жылдары Сталин бизди бул жерге жөнөттү. Балалыгым Кавказда өттү, бирок баары бир деле чоң атам, чон апам сагынып төрөлгөн жериме кайтып келдим. Ошондо мындай ыр жаздым:

«Осень, Кавказ холодно и дождь, над маленьким народам издевался вождь.

Мрачные тучи набегали как тень,и тихую деревню окружил канвой.

Слышен шум и собачий вой,привезли нас в Киргизию.

Тут люди добрые, дальновидные, мудрые, одели, обули, кормили нас.

Мой народ, братья киргизы не забудет вас,

Наверно от дальнейшей беды нас изберег дух твой дедушка Манас!

Манас бул кыргыздын атасы. Мен дагы өзүмдү Манастын баласымын деп санайм»- деди ал.

Самига Абдырасулова Томөнкү Орок айылынын тургуну-

“Мен болгон окуядан жабыркаган Тимур аттуу баланын чоң апасы болом. Болгон окуяны толугу менен билбейм. Эрте маал жумушума кетекем мага чоң уулум телефон аркылуу чалып баламды түрк улутунун жараандары сабак кетти деди. Уулума тез жардам чакырткыла деп айткам. Бирок милиция кызматкерлери келип баланы больницага алып бардырбай үйдө  окуя боюнча иликтөө иштерин жүргүзүшкөн. Жабыркаган неберем убакыт созулганга ары бери кыймылдатып сүрөткө тартып, суроолорго жооп бергиче дагы кыйналган. Азыркы учурда деле неберемдин акыбылы оор, моюна моюнтурук кийгизип койгон ”- деп айтып кетти

Исмаилов Айбек Орок айылындагы Жаңы конушунун тургуну-


“ Бул окуяны өз көзум менен чет жактан көрдум. Кыскача айтканда, ар бир ата-эне өз балдарына туура тарбия берсе кийинки муун ошол тарбияны көрүп өсөт.Биздин айыл өкмөттө көп улуттуу элдер жашашат. Улут жаман эмес адамдын өзундө туура эмес жүрүш- туруштар болуп жатпайбы. Соц.тармактарда кыргыз улутунун өкүлдөрү түрк элин коркутуп үйлөрүн өрттөштү деген маанидеги видео, сүрөттөр жүрөт. Бул жерде эч ким эч бир адамдын үйүн өрттөгөн эмес жөн гана жыйылып турган чөп өрттөнүп кеткен.»- деп өз оюн билдирди.